Кыргыз Республикасынын Президентинин УП № 350 «Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 24-июлу № 350
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кењештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кээ бир жергиликтүү кењештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруулардын башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяк- тагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 6-пунктун, 46-статьясынын 6-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кодекстин 7, 80 жана 88-стать- яларын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Беш-
кент, Маргун айылдык кењештеринин, Ысыккөл облусунун Каракол шаардык кењешинин, Жалалабат облусунун Майлуусуу шаарынын Сарыбээ поселкалык кењешинин, Тогузторо районундагы Көкирим, Атай айылдык кењештеринин, Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жергетал айылдык кењештеринин, Жумгал районундагы Куйручук, Чоњдөбө, Түгөлсай, Таштөбө, Чаек, Кызылжылдыз айылдык кењештеринин, Ош шаардык кењешинин, Чүй облусунун Токмок шаардык кењешинин депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 7-октябрына дайындалсын.
2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Аксуу өзалдынча башкаруусу-
нун, Жалалабат облусунун Тогузторо районундагы Тогузторо жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун, Чаткал районундагы Канышкыя жергиликтүү өзал- дынча башкаруусунун, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызылжылдыз, Түгөлсай, Чаек жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун, Кочкор районундагы Сарыбулак жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын, Нарын районундагы Ор- ток жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун, Ош облусунун Алай районундагы Алай жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 7-октябрына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын шайлоону да-
ярдоо жана өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды белгиленген тартипте бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
5. Мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарынын башчылары шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапат- туу тизмеси менен камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө аларга көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам- лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 3
Документке шилтеме берген актылар (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №2009-III "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2007 · № 2009-III
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (3)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 05.10.2007 · № 156 · Күчүн жоготкон