Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 25-майындагы
№ 268 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Комиссия жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын милдеттери, функциялары жана укуктары
III. Комиссиянын ишин уюштуруу
IV. Комиссиянын Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү
ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселесин
карашынын тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө кал-
тыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия
(мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында
түзүлгөн консультациялык-кењеш берүүчү орган болуп саналат.
Комиссиянын курамы, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президен-
ти тарабынан аныкталат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, атап ай-
тканда, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү", "Кыргыз
Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү", "Тарыхый-маданий
мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" мыйзамдарды жана башка че-
немдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишин мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдын-
ча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана Кыргыз Республикасынын жа-
рандары менен биргелешип жүргүзөт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
ры, алардын кызмат адамдары комиссиянын компетенциясына таандык маселе-
лерди чечүүдө ага көмөк көрсөтүшөт.
4. Комиссия белгиленген тартипте өз иши үчүн министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарынын, республиканын коомдук уюмдарынын, атамекендик жана
чет өлкөлүк адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
5. Комиссиянын чечимдери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кир-
гизилет.
II. Комиссиянын милдеттери, функциялары жана укуктары
6. Республиканын өнүгүшүнө эњ көрүнүктүү салым кошкон Кыргызстан-
дын адамдары жөнүндөгү эстеликти сактоо Комиссиянын эњ башкы милдети
болуп саналат. Комиссиянын милдети Кыргыз Республикасынын торолушуна
жана өнүгүшүнө эњ көрүнүктүү салым кошкон Кыргыз Республикасынын коом-
дук жана мамлекеттик ишмерлеринин, илим жана маданият ишмерлеринин
(мындан ары - көрүнүктүү ишмерлер) эстеликтерин түбөлүккө калтыруунун
ыкмасы жана формасы жөнүндө сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо
болуп саналат.
Комиссиянын жогоруда аталган рекомендациялары жана сунуштары архив
жана илимий изилдөөлөрдүн, коомдук пикирди сурап билүүнүн натыйжаларына
негизденүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эњ көрүнүктүү салым кошкон адам-
дардын катарына чет өлкөлүк ишмерлер да көрсөтүлүшү мүмкүн. Мында Ко-
миссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкү саналат:
- республиканын эн көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселесинде мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын макулдашылган өз ара аракетин камсыз кылуу;
- эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени ушул Жободо белги-
ленген тартипке ылайык чечимдерди кабыл алуу жана аларды Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна
киргизүү аркылуу кароо;
- республиканын эн көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну
камсыз кылуу;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселесинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракетин коор-
динациялоого;
- эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени ушул Жободо белги-
ленген тартипке ылайык чечимдерди кабыл алуу жана аларды Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна
киргизүү аркылуу кароого;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну
камсыз кылууга;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
- өзүнүн жыйналышында республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эс-
телигин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча аткаруу бийлик органдарын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомчулуктун өкүлдөрүн
белгиленген тартипте угууга;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу боюнча сунуш кылынып жаткан чараларга эксперттик баа берүү
үчүн адистерди жана илимпоздорду, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен
илимпоздорду белгиленген тартипте тартууга;
- өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик ишмерлеринин, илим жана мадани-
ят ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруунун ыкмаларын жана формала-
рын андан ары өркүндөтүү боюнча тийиштүү рекомендацияларды жана сунуш-
тарды кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана рес-
публиканын мамлекеттик органдарына киргизүүгө.
III. Комиссиянын ишин уюштуруу
8. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда
бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыштарга Комиссиянын төрагасы, ал
жокто Комиссиянын төрагасынын орунбасары жетекчилик кылат.
9. Эгерде Комиссиянын жыйналышына анын курамынын кеминде үчтөн
экиси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Прези-
дентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, республиканын башка мамлекет-
тик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына негиз-
дүү сунуштар же рекомендациялар менен бирге протокол түрүндө жазылат.
10. Комиссиянын ишин камсыз кылуу анын жумушчу органы - Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана со-
циалдык саясат бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
11. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынан туура таризделген материалдар Комиссиянын жыйналышына бир
ай калганда берилет.
12. Комиссиянын жыйналышынын маалымдуулугун жана ачыктыган камсыз
кылуу үчүн ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы
мүмкүн. Комиссиянын жыйналышына чакырылуучу жалпыга маалымдоо каражат-
тарынын курамы Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
IV. Комиссиянын Кыргыз Республикасынын
эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселесин карашынын тартиби
13. Эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча маселе Комиссия тарабынан
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, министрликтердин, мамле-
кеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, юридикалык жак-
тардын (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын) жана тийиштүү
республикалык органдар аркылуу алардын бирикмелеринин өтүнүчтөрү боюнча
каралат.
14. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө кал-
тыруу маселеси боюнча өтүнүчтөр жана башка документтер райондордун,
шаарлардын, облустардын жергиликтүү өзалдынча башкаруулары менен макул-
дашылгандан кийин жана облустук мамлекеттик администрациялардын жана
Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкарууларынан сөзсүз бе-
китилгенден кийин Комиссияга кароого киргизилет.
Зарыл түрдө макулдашылбаган жана бекитилбеген учурларда түбөлүккө
калтыруу боюнча материалдар арыз берүүчүлөргө кайтарылат.
Өтүнүчкө сунуш кылынып жаткан инсандын өмүрү жана иши жөнүндө
ырасталган маалыматтар, архив материалдары (нотариалдык жактан күбөлөн-
дүрүлгөн), ошондой эле ар кандай жолдору аркылуу аныкталган коомдук пи-
кирди сурап-билүү (изилдөө, сурап-билүү жана ушул сыяктуу), география-
лык аталыштар боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу, ошон-
дой эле зарыл долбоордук (эскиз стадиясында) документациялар тиркелет.
15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эњ көрүнүктүү ишмер-
лердин эстелигин проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, шаардык же айыл-
дык сейилбактарга, бульварларга, көчөлөргө жана чолок көчөлөргө анын
атын берүү менен түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда Комисси-
янын пикирин эске алат.
Ушул Жобо менен белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары Комиссияга эн көрүнүктүү ишмердин эстелигин түбөлүккө
калтыруунун башка ыкмасы жөнүндө өтүнүч кыла алат.
16. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин иштери жөнүндө эстеликти түбөлүккө
калтыруучу эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык обелисктерди, башка
мемориалдык курулуштарды жана объекттерди орнотуу;
- тарыхый жактан эњ көрүнүктүү ишмерлердин өмүрү жана ишмердиги
менен байланышкан айрым аймактарды сактоо жана көрктөндүрүү;
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин аты-жөнүн жана алар жөнүндө башка маа-
лыматтарды Эстелик китебине жазуу;
- эњ көрүнүктүү ишмерлерге арналган мемориалдык музейлерди түзүү,
көргөзмөлөрдү уюштуруу, эстелик белгилерин куруу;
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин ким экендиги жөнүндө материалдарды
жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо, аларга арналган искусство жа-
на адабият чыгармаларын түзүү;
- ишмерлердин аты-жөнүн физикалык-географиялык объекттерге, көчө-
лөргө жана аянттарга, проспекттерге жана аллеяларга, калктуу конуштун
аймагындагы башка шаар куруу объекттерине, ишканаларга жана мекемелер-
ге, анын ичинде билим берүү уюмдарына, аскер бөлүктөрүнө жана ушул сы-
яктууларга берүү;
- эстелик даталарын жана эскерүү күндөрүн белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин портреттерин
акча белгилеринде жана башка документтерде чагылдыруу;
- эстеликти түбөлүккө калтыруунун башка формалары.
17. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелик-
терин түбөлүккө калтыруу, эреже катары, жогоруда көрсөтүлгөн түбөлүккө
калтыруу формаларынын бири түрүндө жүзөгө ашырылат.
18. Комиссиялар өз чечимин кабыл алууда Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген төмөнкүдөй талаптарды сактайт:
- аталышы жана кайра аталышы ушул эле Мыйзамдын 7-статьясына ылай-
ык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына кирген объекттер-
ди кошпогондо "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө"
Мыйзамдын 1-статьясында саналган администрациялык-аймактык бирдиктер-
дин, калктуу конуштардын - шаарлардын, шаарчалардын, айылдардын жана
башка объекттердин аталышы жана кайра аталышы, бул, Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдары менен аныкталат;
- шаарларды, шаарчаларды, айылдарды мамлекеттик, коомдук же башка
эњ көрүнүктүү ишмерлердин ысмы менен кайра атоого тыюу салынат ("Кыргыз
Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамдын 6-статья-
сы);
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин түбөлүккө калтыруу ал дүйнө-
дөн кайткандан беш (5) жыл өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат;
- мурда башка ишмерлердин ысмын алып жүргөн объекттерге ишмерлер-
дин ысмын кайталап берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт;
- бир эле ишмердин ысмын бир администрациялык-аймактык бирдиктин
чегинде жайгашкан бир нече объекттерге берүүгө жол берилбейт.
19. Тигил же бул эњ көрүнүктүү ишмердин эстелигин түбөлүккө калты-
руу боюнча келип түшкөн материалдарды Комиссиянын жыйналышында карап
чыккандан кийин түбөлүккө калтыруунун такталган формасы боюнча Комисси-
янын чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө берилет.
20. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө эсте-
ликти түбөлүккө калтыруучу эстеликтерге, стелаларга, мемориалдык такта-
ларга, башка мемориалдык курулуштарга жана объекттерге Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурастын эс-
теликтеринин статусу берилиши мүмкүн.
Бул объекттер "Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет тарабынан кат-
талат жана кайтарылат.
Эњ көрүнүктүү ишмердин ысмы берилген объекттерди каттоого алууну
жана күтүүнү бул объекттер карамагында болгон мамлекеттик органдар жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жүргүзөт.
Мында ар бир эстелик объектине паспорт жазылат.
Объекттердин аталыштарынын, алардагы жазуулардын тексттери Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылат.
21. Эстеликти түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иштердин бардык
түрлөрү, эреже катары, өтүнүч кылган жана таламдаш уюмдардын, жактардын
же демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
22. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар:
- республикалык дењгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген
тартипте республикалык бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан;
- жергиликтүү дењгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
белгилеген тартипте жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражат-
тардан финансыланат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы “Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин…Указ · 25.05.2007 · № 268 · Күчүн жоготкон