Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 апреля 2025 года № 245 "Об утверждении Положения о порядке прохождения военной службы по контракту (пребывания в запасе) офицерским составом и прапорщиками в Вооруженных Силах, других воинских формированиях и государственных органах Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 11-октябры № 210 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомунун редакциясына ылайык)
Социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу, ошондой эле аял аскер кызматчыларына кошумча дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) жубайынын (күйөөсүнүн) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.";
- 72-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) жубайынын (күйөөсүнүн) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 15-октябрындагы № 106 жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен…Постановление · 24.12.2024 · № 785
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрели № 245 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик…Постановление · 30.04.2025 · № 245
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана…Положение · 25.04.2011 · № 186 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат…Положение · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен…Постановление · 24.12.2024 · № 785
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрели № 245 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик…Постановление · 30.04.2025 · № 245
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Постановление · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат…Постановление · 25.04.2011 · № 186 · Күчүн жоготкон