Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссия жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 3-июнундагы №306
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын калктар боюнча
Улуттук комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы
(мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентине тикелей
баш ийген, Кыргыз Республикасынын демографиялык саясаттын жалпы
негиздерин жана принциптерин иштеп чыгууну, 2009-жылы Кыргыз
Республикасында эл жана туракжай фондун катооону өз убагында даярдоо
жана сапаттуу өткөрүү максатында аткаруу бийлик жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылган
ведомстволор аралык коомдук орган болуп саналат.
2. Комиссиянын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик
укуктук актылары жана ушул Жобо түзөт.
3. Комиссия оз ишин таламдаш министрликтер, администрациялык
ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, илимий жана коомдук уюмдар
менен өзара аракеттенүү менен жүргүзөт.
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана укуктары
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин демографиялык саясатынын негиздерин иштеп чыгууну
уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине калктар маселеси боюнча
докладдарды жана рекомендацияларды даярдоо;
- калктар жана демография маселелери боюнча мыйзам актыларынын
негизги долбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу;
- 2009-жылы эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында даярдоо
жана сапаттуу өткөрүү максатында ишчараларды иштеп чыгуу жана аткаруу
бийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишин
координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Президенти Комиссияга жүктөгон башка
милдеттерди жүргүзүү.
5. Комиссия алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө
укуктуу:
- белгиленген тартипте өз ишине аткаруу бийлик жана жергиликтүү
озалдынча башкаруу органдарынын адистерин, коомдук, илимий жана
эларалык уюмдардын өкүлдөрүн тартуута;
белгиленген тартипте мамлекеттик, коомдук уюмдардан жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан зарыл документтерди жана
материалдарды суратууга;
- Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча
зарыл чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө.
III. Комиссиянын иштөө тартиби
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Комиссиянын
аткаруу органы болуп саналат, ал Комиссиянын чечимдеринин долбоорун,
зарыл маалымкаттык жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ошондой
эле Комиссиянын уюштуруу, усулдук жана башка ишин камсыз кылат.
7. Комиссиянын жыйналышынын мезгилдүүлүгүн Комиссиянын төрагасы ал
жокто Комиссиянын төрагасынын орунбасары аныктайт.
8. Комиссиянын жыйналышы протокол менен таризделет Комиссиянын
чечими Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси жыйналышка катышкан
шартта анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар тењ болуп калган учурда торагалык кылуучу жактап добуш берген
чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Комиссия өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер аткаруу
бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан
милдеттүү түрдө аткарылат.
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоо
жолу менен Комиссиянын мүчөлөрү катышпаган жыйналышын өткөрө алат.
9. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Комиссиянын иши жонүндө Кыргыз Республикасынын Президентине
билдирип турат:
- Комиссиянын иш-планын, жыйналыштарды өткөрүү графигин жана ар
бир жыйналыштын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйналышын өткөрөт;
- Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышына котролдукту
уюштурууну камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3- июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.06.2006 · № 306 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3- июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.06.2006 · № 306 · Күчүн жоготкон