Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3- июнундагы № 306 «Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары Өкмөт Үйү 2006-жылдын 3-июну №306
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасында демографиялык саясаттын жалпы негиздерин жана принциптерин иштеп чыгуу жана 2009-жылы эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында даярдоо жана сапаттуу өткөрүү боюнча бийлик органдарынын ишин координациялоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы
(мындан ары - Комиссия) тиркелген тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Комиссиянын аткаруучу органы деп эсептелсин.
2. Комиссиянын башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр санала тургандыгы
белгиленсин:
- мамлекеттин демографиялык саясатынын негиздерин иштеп чыгууну
уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине калктар жана демография
маселеси боюнча докладдарды жана рекомендацияларды даярдоо;
- калктар жана демография маселелери боюнча мыйзам актыларынын
негизги долбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу;
- 2009-жылы эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында даярдоо
жана сапатту өткөрүү максатында ишчараларды иштеп чыгуу жана аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо.
3. Милдеттерди аткаруу максатында Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте өз ишине аткаруу бийлик жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын адистерин, коомдук, илимий жана эларалык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик, коомдук уюмдардан жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан адистерин, коомдук илимий жана эларалык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик коомдук уюмдардан жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан зарыл документтерди жана материалдарды суратууга. Комиссия өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
4. Комиссиянын төрагасы эки айлык мөөнөттө 2009-жылы Кыргыз
Республикасында эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун аткарышын караган негизги иштердин Календардык планын бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиянын
тиркелген Жобосу бекитилсин.
6.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-августундагы
№244 «Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссия жөнүндөгү» Указы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы № 306 Жарлыгынын тиркемеси
Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясынын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 314 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Комиссиянын төрага-
сы;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссия-
нын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-
нын эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча орун басары, Ко- миссиянын катчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мам-
лекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө болгон
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча Улуттук агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-
гине караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун директору;
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин эконо-
микалык теория кафедрасынын башчысы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Ош шаарынын мэри;
- Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губер-
натору;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - гу-
бернатору;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - гу-
бернатору;
- Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губерна-
тору;
- Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру;
- Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губерна-
тору;
- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссия жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы №306 Жарлыгы менен бекитилген)Указ · 03.06.2006 · № 306
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 314 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы…Указ · 02.09.2008 · № 314 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссия жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы №306 Жарлыгы менен бекитилген)Указ · 03.06.2006 · № 306
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- Указ Президента КР от 7 августа 2001 года №244 "О Национальной комиссии Кыргызской Республики по народонаселению"Указ · 07.08.2001 · № 244 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.