Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 18 июля 2007 года УП № 343 "О мерах по оптимизации контроля в сфере производства и оборота спирта и алкогольной продукции в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-07-18.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 343 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-майы ПЖ № 282
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу
түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн андан
ары оптималдаштыруу максатында токтом кылам:
1. "Алкопром", "Карабалта спирт заводу" мамлекеттик ишканалары,
"Каракол" спирт заводу". Талас областынын Акдөбө айылындагы спирт
өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып
откөрүүгө контролдук боюнча мамлекеттик инспекциясынан чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь
продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүүгө контролдук боюнча
мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт
жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча
мамлекеттик агенттигине кайра түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь про-
дукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агент-
тигинин карамагына спирт жана алкоголь продукциясын чыгарууга, сактоого
жана сатып өткөрүүгө лицензия берүү, алкоголь продукциясынын импорттоо
көлөмүн квоталоо, спирт жана алкоголь продукциясын сатуу эрежелерин ат-
карууга контролдук кылуу функцияларын берүүнү кароо менен ал жөнүндө
Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
Ликерарак продукциясын чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттердин Ре-
естринин формасын иштеп чыксын жана бекитсин, ошол Реестрди жүргүзүүгө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитетине ыйгарым укук берсин;
- эки айлык мөөнөттө:
- "Алкопром" мамлекеттик ишканасынын оперативдүү башкаруусуна ли-
керарак продукциясын чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттердеги акциялар-
дын мамлекетгик пакетин (үлүшүн) өткөрүп берсин;
- тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешине жана ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик
укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республи-
касынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-
селелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык
келтирсин.
4. "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу", Талас облас-
тынын Акдөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" жана "Ал-
копром" мамлекеттик ишканаларынын ишин координациялоо милдети Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чы-
гаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агентгигине
жүктөлсүн.
5. "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу", Талас облас-
тынын Акдөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" жана "Ал-
копром" мамлекеттик ишканаларынын жетекчи кадрларынын курамы Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги N 188 "Менчи-
гинде мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордо корпорациялык башка-
руунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгында каралган принцип
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь
продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик
агенттигинин сунушуна ылайык калыптандырыла тургандыгы аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын
Улутгук банкынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-
рлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт
жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча
мамлекеттик агенттигинин катышуусу менен "Кыргызалко" мамлекеттик акци-
онердик корпорациясынын ишине аудит жүргүзсүн жана анын натыйжасы боюн-
ча Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнө аталган Корпорацияны жоюу боюнча ча-
ралар жөнүндө тийиштүү сунуш киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-
гы N 462 "Кыргыз Республикасынъы мамлекеттик башкаруу органдарынын
түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизил-
син:
- 4-пунктта:
"а)" пунктчасы төмөнкү мазмундагы жањы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукци-
ясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги;";
"б)" пунктчасынын төртүнчү абзацы алып салынсын.
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 15 августа 2006 года № 474Распоряжение · 15.08.2006 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 19.07.2006 · № 519
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы №519 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы "Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу…Постановление · 19.07.2006 · № 519 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы №343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну…Указ · 18.07.2007 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь…Постановление · 09.11.2007 · № 540 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 362 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүдө" жарлыгыУказ · 07.07.2006 · № 362 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги №188 "Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасын өркүндөтүүнүн айрым…Указ · 27.04.2006 · № 188 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы №343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну…Указ · 18.07.2007 · № 343 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-майындагы №198 "Кыргыз Республикасында ликер арак продукциясын чыгаруучу чарбакер субъекттердин реестри жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2007 · № 198 · Күчүн жоготкон