Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 20 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 13-апрелиндеги № 172
Жарлыгы менен бекитилген
2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында
салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү
СТРАТЕГИЯСЫ
1. Жүргүзүлүп жаткан салык саясаты
Кыргыз Республикасында соњку жылдардагы салык саясаты (2001-жылдан
тартып) салык саясатын өркүндөтүүнүн Концепциясынын (2002-жылдан тар-
тып) жана фискалдык реформанын Стратегиясынын (2002-жылдан тартып) ал-
кагында жүргүзүлүп келди. Салык реформасын жүргүзүүгө түп-тамырынан бе-
ри таасир тийгизген салык мыйзамдарына негизги өзгөртүүлөр
2001-2004-жылдарда киргизилген.
Акыркы төрт жыл бюджеттик кирешелер жаатында бюджеттик келип
түшүүлөрдүн туруктуу өсүш тенденциясы менен мүнөздөлдү. Консолидация-
ланган бюджеттин кирешелери ушул мезгил ичинде Ички дүњ продуктунун 2,3
пайызына көбөйдү же болбосо ИДПга карата алганда 2001- жылдагы 17,0 па-
йыздан 2004-жылы 19,3 пайызга чейин жогорулады.
Бюджеттик кирешелердин өсүшүн камсыз кылган негизги булак салыктык
түшүүлөр болду. Ушул жылдардын ичинде салыктык жыйымдардын көлөмү ИДП-
нын 12,4 пайызынан ИДПнын 4,9 пайызына чейин өстү жана 2,5 пайыздык
пунктка жогорулады. Ушул мезгилдин ичинде ИДПны өндүрүүнүн жылдык орто-
чо номиналдуу өсүшү 9,6 пайыз болуп, салыктык кирешелердин өсүшүнүн
жылдык орточо көлөмү 116,2 пайызды түздү. Буга кошумча бюджеттик кире-
шелердин структурасында салык жыйымдарынын үлүшү жалпы кирешелердин
77,1 пайызына чейинки чекке жетип, иш жүзүндө 4 пайыздык пунктка жого-
рулады, 2001-жылы ушул көрсөткүч 73,3 пайызды түзгөн болучу.
Тикелей салыктардын жүгүн жењилдетүү жана чарбакер субъектилердин
ишине түрткү берүү максатында укуктук жактардын пайдасынан алынуучу са-
лыктын өлчөмү 30 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөтүлдү (2002-жылы -
табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектилеринен башка
бардык ишканалар үчүн жана 2003-жылы - монополисттер үчүн).
Салыктарды жыйноону номиналдуу кыскартууга (2001-жылдын көлөмүнө
салыштырганда 2,5-7,5 процентке жакын) карабастан, 2002-2003-жылдарда
ишканалардын финансылык ишинин жыйынтыгы боюнча берилген декларациялар-
га талдоо жүргүзүү аркылуу салык өлчөмүн төмөндөтүү салык салынуучу ба-
заны 30-35 пайызга жакын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.
Жеке жактар үчүн да, ошондой эле бюджет жана жалпы экономика үчүн
да 2002-жылы жеке жактардан алынуучу киреше салыгын чегерүүнүн шкаласын
өзгөртүү сезилерлик мааниге ээ болду. Көмүскө кирешелерди ачыкка чыга-
руу максатында киреше салыгынын жогорку чеги 33 пайыздан 20 пайызга че-
йин төмөндөтүлдү. Мурда колдонулган ставканын төрт дењгээлдүү шкаласы-
нан (5-33 пайыз) айырмаланып, бир эле мезгилде минималдуу эмгек акынын
салык салынбоочу эњ төмөнкү өлчөмүн 400 сомдон 650 сомго чейин жогору-
латуу менен 10 жана 20 пайыздык эки ставка белгиленди, бул калктын аз
камсыз болгон катмарларын коргоо максатында кабыл алынды.
Салыктын эњ жогорку өлчөмүмүн төмөндөтүлүшүнө карабастан, жумуш
берүүчүлөр тарабынан кармалуучу киреше салыгынын көлөмү эки жылдын
ичинде 28 пайызга жогорулады, ал эми кирешелерин декларациялаган жеке
ишкерлерден алынган салыктын түшүшү 1,5 эседен ашык өстү.
Келип түшкөн каражаттардын туруктуулугу салык салуунун патенттик
системасын кењейтүү аркылуу да камсыз кылынды. Бүгүнкү күнгө карата па-
тенттин негизинде салык салуу жүзөгө ашырылып жаткан экономикалык иша-
ракет түрлөрүнүн тизмеси 130га чейин кењейтилди. 2001-2004-жылдарда бе-
рилген патенттердин саны 477,5 мињ даанадан 605,5 мињ даанага чейин же-
тип, 26,8 пайызга жогорулады. Натыйжада 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча
салык салуунун патенттик системасынан түшкөн киреше 2003-жылдын дењгээ-
лине салыштырганда 33,4 пайзыга көбөйдү. 2001-жыл менен салыштырганда
патенттерди берүүдөн түшкөн киреше 1,8 эседен ашык жогорулады.
Бардык булактардан түшкөн салыктын өсүшүн эсепке алуу менен
2004-жылы ИДПнын көлөмүндөгү киреше салыгынын өсүшү ИДПнын 0,1 пайыздык
пунктуна өстү жана ИДПнын 1,5 эседен ашык өстү.
Кыйыр салык салуунун ролун күчөтүүнүн зарылдыгын эске алуу менен
2001-2004-жылдарда бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун негизги булак-
тарынын бири катарында кошумча нарк салыгынын потенциалдуу артыкчылык-
тарын пайдаланууга багытталган чаралар көрүлдү.
Салыктарды тескөөнүн дењгээлин жогорулатуу жана товарларды толук
эсепке алууну камсыз кылуу максатында 2003-жылдын май айынан тартып
эсеп-фактуралар системасы киргизилди, алар олуттуу отчеттуулук бланкасы
катары кабылданат.
Чарба жүргүзүүчү субъекттердин салыктык жүгүн жењилдетүү максатын-
да дары-дармек каражаттарына кошумча нарк салыгы жоюлду. Бюджеттеги ай-
рым жоготууларга карабастан (дары-дармек каражаттарын четөлкөлөрдөн им-
порттоодо жана чыгарууда). КНСти алып салуунун натыйжасында: 1) да-
ры-дармек каражаттарын алып келүүнүн көлөмүнүн дээрлик 3 эсеге жогору-
лашына, 2) дары-дармектердин көмүскө рыногун бир аздап ачыкка чыгаруу-
га, 3) рынокту дары-дармектер менен толтурууга жетишилди.
Мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн алкагында, өлкөнүн экспорттук по-
тенциалына колдоо көрсөтүү жана кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу-
нун жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатуу максатында 2003-жылдын июлун-
да салыктар жана төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке
алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө жањы жобо
иштелип чыкты жана бекитилди. Ушуга байланыштуу акыркы эки жылдын ичин-
де экспорттук жөнөтүүлөр боюнча КНСтин ордун толтуруунун дењгээлинин
жогорулашы байкалууда. Мисалы, 2001-жылы чарба жүргүзүүчү субъекттер
тарабынан көрсөтүлгөн сумманын ичиндс салыктын ордун толтуруунун үлүшү
69,2 пайызды түзсө, 2002-жылы 92,7 пайызды түзгөн, ал эми 2003-жылдын
жыйынтыгы боюнча экспортточу ишканалар тарабынан ордун толтуруу үчүн иш
жүзүндө көрсөтүлгөн 257,3 млн. сомдун 295,5 млн. сому бюджеттен орду
толтурулган, мында өткөн жылдар үчүн орду толтурулбаган сумманын калды-
гы эсепке алынган. 2004-жылы экспорттоочу ишканаларга бюджеттен 409,4
млн. сомдук кошумча нарк салыгынан орду толтурулган, бул өткөн жыл үчүн
ордун толтуруунун дењгээлинен 38,5 пайызга ашып кеткен.
Бензинге жана дизелдик күйүүчү майга акциз салыгынын ставкаларын
төмөндөтүү импорттун жана салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн өөрчүшүнө оњ
таасир тийгизди. 2003-2004-жылдарда бензинге болгон акциз салыгынын
ставкасы бир тоннасы үчүн 3000 сомдон 800 сомго, дизелдик күйүүчү май-
дыкы 800 сомдон 200 сомго чейин төмөндөтүлгөн. Акциз салыгын
төмөндөтүүнүн натыйжасында бензинди жана дизелдик күйүүчү майды импорт-
тоонун салык салынуучу көлөмдөрү акыркы эки жылдын ичинде иш жүзүндө үч
эсе жогорулады. Мында ушул чара жыл сайын импортко салынуучу салыктар-
дын жалпы жогорулашынын 30 пайыздан ашыгын же жылына орточо 340 млн.
сомго жакын каражатты камсыз кылган. Бензинге жана дизелдик күйүүчү
майга акцизди төмөндөтүү республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын
товардык жүгүртүлүшүнө, анын ичинде чекене жана дүњ сооданын жогорула-
шына оњ таасирин тийгизди.
2003-жылдын декабрынан тартып чекене бааларга байламталоо менен
тамеки буюмдарына акциз салыгынын ставкалары дифференцияланды жана бел-
гиленди. Тажрыйба көрсөткөндөй, салык өлчөмдөрүнүн ийкемдүү шкаласын
белгилөө фискалдык тескөөнүн натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга
көмөк берди. Тамеки буюмдарынын рыногунун структурасынын жана сигарет-
тердин орточо наркынын салыштырмалуу сакталышынын фонунда жыйымдардын
олуттуу өсүшүн камсыз кылуу аны айгинелеп турат. Алсак, 2004-жылдын жы-
йынтыгы боюнча тамеки буюмдарын импорттоодон жана өндүрүүдөн салыктар-
дын түшүшү 27,5 пайызга же 116,8 млн. сомго, анын ичинде акциз жыйымда-
ры 16,9 пайызга же 43,3 млн. сомго жогорулады.
Салык системасын реформалоо боюнча 2002-жылдан тартып ишкердик кы-
луунун айрым түрлөрү патенттик негизде милдеттүү салык төлөөгө
өткөрүлдү. Бул чара 2002-жылы 63,2 млн. сом өлчөмүндөгү кошумча киреше
түшүүсүнө алып келди. 2003-2004-жылдардын ичинде милдеттүү патенттеш-
тирүүдөн кирешелердин түшүшү жыл сайын 27,4 пайызга же 20 млн. сомго
жакын жогорулап турду.
2002-жылы чекене соодадан алынуучу салыктын чектелген ставкасын 4
пайызга чейин жогорулатууга байланыштуу жана салыктык тескөөнү жакшыр-
туунун натыйжасында 2002-2004-жылдарда салыктын өсүшү ИДПнын 0,2 пайыз-
дык пунктун, же жылына орточо 20 пайыздан ашыкты түздү.
Кыргыз Республикасынын жањы Бажы кодекси кабыл алынды, ал 2005-
жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди жана Кыргыз Республикасынын ба-
жылык чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып
өтүүдө бажылык тариздөөнүн жана контролдоонун жол-жоболорун олуттуу
түрдө жөнөкөйлөтүүчү жањы бажылык амалдарды колдонуу тууралуу жањы жо-
болорду өзүндө камтыйт.
Салыктык карыздарды жоюуда чарба жүргүзүүчү субъекттерге дем берүү
үчүн "Чегерилген салыктар, пайыздар, финансылык жана айыптык санкциялар
боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замы кабыл алынды, анда салык боюнча негизги карызын төлөгөн чарба
жүргүзүүчү субъекттердин пайыздар жана каржылык санкциялар боюнча кары-
зын кечип жиберүү каралган.
Мындан тышкары, коррупцияга жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыя-
наттык менен пайдаланууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин
түзүү максатында "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээ-
леп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын киреше-
лери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо
жана жарыялоо тууралу" Мыйзам кабыл алынды. Анда мамлекеттик жогорку
кызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерин жана мүлкүн декларациялоо
жана жарыялоо каралган.
2. Салык саясатынын максаты
Салык саясатынын башкы максаты - жалпы салыктык жүктү азайтуу,
Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин тышкы экономи-
калык ишин активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык
жигердүүлүккө түрткү берүү, салыктарды тескөөнү жакшыртуу жана
өнүгүүнүн мамлекеттик программаларын аткаруу аркылуу экономикалык ту-
руктуу өнүгүүгө жетишүү багытында натыйжалуу иш алып баруу болуп эсеп-
телет.
3. Салык саясатынын стратегиясы
Стратегияга ылайык салык саясатынын эњ негиздүү багыттарынын бири
чарбакер субъекттерге салыктык жүктү жењилдетүү болуп саналат.
Мында салык саясатынын Стратегиясын алга жылдыруу максатында
төмөндөгү өзгөчө маанилүү чараларды ишке ашыруу каралат:
Жањы салык кодексин кабыл алуу, анда төмөндөгүлөр белгиленүүгө ти-
йиш:
- кыймылсыз мүлк салыгын натыйжалуу өндүрүп алуу жөнүндө жобону
бекитүү. Ал биротоло киргизилгенден кийин көп сандаган жергиликтүү са-
лыктарды жоюу жана рыноктук эмес салыктардын (авто жолдорду пайдалануу
үчүн салыкты, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу фондусуна че-
герүүлөрдү) өлчөмдөрүн төмөндөтүү жана жоюу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- автотранспорт каражаттарынан алынуучу салыкты үч эсе жогорула-
туу;
- 2006-жылдын 1-январынан тартып ишканалардын пайдасынан алынуучу
салыктын өлчөмдөрүн 20 пайыздан 10 пайызга чейин, ал эми уруксат берил-
ген табигый монополиялар үчүн 2007-жылдын 1-январынан тартып андан ары
төмөндөтүү;
- кредиттик союздардын пайдасынан алынуучу салыктар боюнча жењил-
диктерди жоюу:
- салык салынбай турган базалык минимумду 650 сом деп белгилөө ме-
нен, жеке адамдардан алынуучу киреше салыгын 10 пайыз өлчөмүндө бир-
диктүү ставканы белгилөө;
- лотереялык утуштардан жана ишканалар берген баалу белектерден
алынуучу киреше салыгы боюнча жењилдиктерди жоюу;
- кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегин жогорулатуу;
- айылчарба продукцияларын жөнөтүү үчүн кошумча нарк салыгын жоюу;
- өндүрүшү, пайдалануу үчүн импорттолгон негизги каражаттарды ко-
шумча нарк салыктан бошотуу;
- башка акциздерди жойбостон, алкоголдук продукцияга акциздердин
өлчөмүн жогорулатуу;
- жер салыгынын өлчөмүн кайра кароо;
- Бишкек эркин экономикалык зонасынан башка бардык ЭЭЗларды жоюу;
- кирешелерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу;
- "минималдуу шарттуу - эсептик салык салынуучу кирешени" киргизүү
мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу каралат.
Аталган иш-чаралар төмөндөгүлөрдү талап кылат:
- Жањы Салык кодексин кабыл алуу.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясын иштеп чы-
гуу бир катар принциптүү милдеттерди чечүүгө, баарыдан мурда
төмөндөгүлөр үчүн жеткиликтүү жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган:
- Кыргыз Республикасындагы салык саясатынын ушул Стратегиясын ишке
ашырууга:
- ишкердиктин субъекттеринин ишин жигердештирүүгө;
- инвестициялардын келишине;
- салыкты тескөөнү жакшыртуу;
- адилет салык салуу үчүн шарттарды түзүү;
- салыктык мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыла-
ры менен жана жалпысынан өнөктөш өлкөлөрдөгү салык салуу менен шайкеш
келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин карама-кар-
шылыктарын жана ар кыл чечмеленишин жокко кылуу;
- салыктык укук жагындагы акыркы теориялык иштеп чыгууларды эсепке
алуу менен Кыргыз Республикасындагы салыктык укук мамилелерин системага
салуу.
Мында Салык кодексинин жањы редакциясы салык салуунун төмөндөгү
принциптерине негизделет:
- салык салуунун милдеттүүлүгү;
- салык салуунун аныктыгы;
- салык салуунун адилеттүүлүгү;
- салык системасынын бирдиктүүлүгү;
- инвесторлор үчүн салыктык режимдин туруктуулугу;
- салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдардын маалымдуулугу.
Кыймылсыз мүлк салыгын натыйжалуу өндүрүп алуу жөнүндө жобону бе-
китүү. Ал толук киргизилгенден кийин көп сандаган жергиликтүү салыктар-
ды жоюу жана рыноктук эмес салыктардын (автожолдорду пайдалануу үчүн
салыкты, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу фондусуна че-
герүүлөрдү) өлчөмдөрүн төмөндөтүү жана жоюу мүмкүнчүлүгүн кароо.
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу фондусуна чегерүүлөрдүн
ставкаларын төмөндөтүү жана автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салыкты
толугу менен алып салуу чарбакер субъекттер үчүн салыктык жүктү олуттуу
түрдө жењилдетүүгө алып келбейт (анткени ставкалар эњ төмөнкү өлчөмдө),
ал эми мында бюджеттин жоготуулары олуттуу болот. Ошондуктан ушул чара
бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун компенсациялык булактары аныктал-
ган шартта жүзөгө ашырылат, ал булактардын бири кыймылсыз мүлк салыгы
болуп эсептелет.
2006-жылдын 1-январынан тартып ишканалардын пайдасынан алынуучу
салыктын ставкаларын 20 пайыздан 10 пайызга чейин, ал эми уруксат бе-
рилген табигый монополиялар үчүн 2007-жылдын 1-январынан тартып андан
ары төмөндөтүү;
Кредиттик союздардын пайдасынан алынуучу салыктар боюнча жењилдик-
терди жоюу;
Чарба жүргүзүүчү субъекттердин реалдуу пайдасын ачыкка чыгаруу;
Салык салынбай турган базалык минимуму 650 сом деп белгилөө менен
жеке жактардан алынуучу киреше салыгынын 10 пайыз өлчөмүндөгү бирдиктүү
ставкасын белгилөө;
Лотереялык утуштардан жана ишканалар берген баалуу белектерден
алынуучу киреше салыгы боюнча жењилдиктерди жоюу;
Ушул чара адилет салык салууга багытталган жана чарбакер субъекти-
лердин эмгек акысын ачыкка чыгарууга жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкер-
лерине колдоо көрсөтүүгө көмөк берет.
Кошумча нарк салыгын каттоо чегин 2,5 млн. сомго чейин жогорула-
туу, КНСти тескөөнү жакшыртуу;
Айылчарба продукцияларын жөнөтүү үчүн кошумча нарк салыгын жоюу;
Өздүк өндүрүшү, өздүк пайдалануу үчүн импорттолгон негизги кара-
жаттар үчүн КНС төлөөдөн бошотуу;
Чарбакер субъектилерге өндүрүштүк кубаттуулуктарды жањыртуу жана
өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүү;
Бөлөк акциздерди жойбостон алкоголдук продукцияга акциздерди жого-
рулатуу;
Ушул чаралар тескөөнү жакшыртууга, салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчи-
лигин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет жана бюджеттин киреше бөлүгүн толту-
рууга таасир зтет.
Жер салыгынын өлчөмдөрүн кайра кароо;
Адилет салык салууну киргизүү жана тескөөнү жакшыртуу;
Салыктын өлчөмдөрүн шаарларда гана айылчарба багытында эмес жерлер
жана короо-жай участоктору үчүн үч жсеге жогорулатуу.
Бишкек эркин экономикалык зонасынан башка бардык ЭЭЗларды жоюу.
Адилет салык салууну киргизүү жана тескөөнү жакшыртуу.
Кирешелерди ачыкка чыгаруу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу;
Бул мыйзамда мамлекет тарабынан Кыргыз Рсспубликасынын жарандары-
нын мурда ачык экономикалык жүгүртүүдөн чыгартылган жана декларациялан-
баган акчаларын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн ачыкка чыгаруу боюнча
бир жолку гана акция жүргүзүүнү карайт.
Мыйзамды кабыл алуу кошумча каржылык каражаттарды Кыргызстандын
экономикасына тартууга мүмкүнчүлүк берет.
"Минималдуу белгиленген салык салынуучу кирешени" киргизүү
мүмкүнчүлүгүн изилдөө.
Чакан ишкерликтин субъекттеринин салык системасын жөнөкөйлөтүү жа-
на өркүндөтүү.
Кыргыз Республикасында салык саясатынын аталган иш-чараларын
жүргүзүү менен бирге салык саясатынын бул стратегиясынын алкагында
төмөндөгүлөр аркылуу:
- кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келе турган салыктарды жана жы-
йымдарды жашырууда аныкталган чектик дењгээлди төмөндөтүү;
- кирешелерди эсепке алууну жүргүзүүнү бузуу үчүн жоопкерчиликти
катаалдаштыруу (анын ичинде контролдук-кассалык машинаны колдонуу боюн-
ча мыйзамдарды бузуу жана башкалар үчүн);
- Контролдук-кассалык машинаны колдонууну тескөөнү жакшыртууга ба-
гытталган механизмдерди иштеп чыгуу;
- чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан туура деп табылган салыктык
карыздын суммасын бюджетке өндүрүүнүн механизмин жөнөкөйлөтүү;
- салык төлөөчү тарабынан туура деп табылган салыктык карыздын
суммасын банктагы эсептешүү эсебинен талашсыз тартипте өндүрүп алуу;
- салык кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу;
- салык органдарынын кызматкерлеринин социалдык коргоонун кепилди-
гин алуу (пенсиялар, жөлөкпул, дарылоо ж.б.)
- салык кызматын автоматташтыруу жана жањылоо аркылуу иш
жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көњүл буруу зарыл.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 20
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2006-жылын ПЖ №172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 13.04.2006 · № 172 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 21.12.2007 · № 613 · Күчүн жоготкон