17-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Күчүн жоготкон · 24.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2015 года № 193.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 февраля 2013 года № 18
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген жана мамлекеттик музейлерге жана башка мамлекеттик мекемелерге оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген негизги фонддорду толтуруу, музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн зарыл болгон каржылык жана башка шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхтын жана маданияттын башкага окшобогон эстеликтерин сактоо боюнча кошумча чараларды көрүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактап турган эң ири мамлекеттик музейлердин иши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө түрлөрүн белгилеши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV Глава Кыргыз Республикасынын музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгү
Берененин тексти 24.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 581 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 23.08.2012 · № 581 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/442/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>