Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 июля 2015 года № 193 "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-24.
КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 14-февралы № 18 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 262-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4 жана 14-статьялардын 2-бөлүгүн кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 16-статьянын 2-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр алып салынсын.
6. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү" деген сөздөр "Жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү Кыргыз Республикасында музейлер мекемелер формасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.".
8. 27-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 28-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндөЗакон · 05.02.2000 · № 37 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 193