Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Мектепке чейинки мекемелердеги балдардын, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын жана студенттеринин дене тарбиясы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50
Мектепке чейинки мекемелердеги балдардын, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын жана студенттеринин саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, алардын дене тарбиясы жагынан өркүндөөгө жана жакшы жашоо үлгүсүнө умтулуусун калыптандыруу бардык типтеги билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат, көрсөтүлгөн мекемелердин администрацияларынын жана ар бир педагогикалык кызматкердин милдетине жатат. Билим берүүчү мекемелер өз алдынча жергиликтүү шарттарды жана билим алып жаткандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен дене тарбиясы менен машыгуунун формаларын жана дене тарбиясын берүү каражаттарын, спорттун түрлөрүн жана кыймылдоо активдүүлүгүн, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана Дене тарбия - спорт комплексинин нормативдеринин негизинде методдорун жана сабактардын узактыгын аныктайт, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүчү мекемелерди жана дене тарбия - спорттук коомдук бирикмелерди, анын ичинде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча федерацияларды тартуу менен илимий жактан негизделген оптималдуу кыймылдоо режиминин көлөмүндө окуудан тышкаркы дене тарбия - ден соолукту чыңдоо спорттук, жана аскердик - спорттук иштерди жүргүзөт. Мектепке чейинки мекемелер жана билим берүүчү мекемелер жыл сайын мамлекеттик такталган нормативдерге ылайык окуп жаткандардын жана мектепке чейинки курактагы балдардын дене тарбиясы жагынан даярдыгын жыл сайын тесттен өткөрүп турат. Кесиптик жогорку окуу жайлардын студенттерин дене тарбиясына жана спортко кесиптик - прикладдык даярдоо мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык ишке ашырылат. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"Редакцияларды салыштыруу
23.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…дене тарбиясына жана спортко кесиптик - прикладдык даярдоо алынып салынды: билим берүүнү башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган макулдашып белгилеген тартипте бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык ишке ашырылат.
кошулду: (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 12-февралы № 01-13-24 "Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приказ · 12.02.2026 · № 01-13-24
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 18.03.2019 · № 130 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/441/st-13" title="13-статья - Дене тарбия жана спорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>