28-статья. Куткаруучулардын ишинин (кызматынын) жана эс алуусунун режими
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
1. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ишинин (кызматынын) режими ар күнкү иште ички эмгек тартибинин эрежелери, кезекке туруунун графиги, атайын даярдык боюнча занятиелердин жана башка иш-чаралардын расписаниеси менен аныкталат.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын иш күнүнүн жана иш жылынын ичиндеги иштөө режими колдонулуудагы медициналык талаптар жана санитардык-гигиеналык ченемдер менен аныкталат.
3. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын күтүү режиминде үйдөгү кезекке туруу убагы кезекке туруунун ар бир саатынын төрттөн бир өлчөмүндө эске алынат.
4. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди аткарууда куткаруучулардын иш режими жана жумуш күнүнүн узактыгы өзгөрүшү мүмкүн жана ал өзгөчө кырдаалдын мүнөзүн, аларды жоюудагы иштин өзгөчөлүгүн жана медициналык сунуштарды эске алуу менен өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчи тарабынан белгиленет.
5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларына жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кезектеги эмгек өргүүсү берилет.
6. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучуларына жыл ичинде төлөнүүчү кошумча өргүү берилет.
Төлөнүүчү кошумча өргүү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана ыктыярдуу кошуундардын куткаруучуларына, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамына кирбеген куткаруучуларга кошумча өргүүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартип боюнча акчалай компенсация берилиши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кошумча өргүү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана … куткаруучуларга кошумча өргүүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартип боюнча акчалай компенсация берилиши мүмкүн.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № алынып салынды: 147 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-28" title="28-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>