27-статья. Куткаруучулардын милдеттери
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2015 года № 147
1. Куткаруучулар:
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышууга даяр болууга, өзүнүн дене-тарбия, адистик, медициналык, психологиялык даярдыгын жогорулатууга;
- кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамында иштөө ыкмаларын өркүндөтүүгө;
- кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүнүн технологиясын кыйшаюусуз сактоого;
- жабырлангандарды активдүү издөө, аларды куткаруу боюнча чара көрүү, аларга алгачкы медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда өздөрү иштеп жаткан кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарууга;
- өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында жарандарга коопсуз жүрүш-туруштун эрежелерин жана андай кырдаалдар пайда болгон учурлардагы иш-аракеттердин эрежесин түшүндүрүүгө милдеттүү.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын милдеттери тиешелүү уставдар, колдонмолор менен аныкталат жана эмгектик келишимдин (контракттын) курамдык бөлүгү болуп саналат.
(КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
04.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Сактоочулардын кошулду: Куткаруучулардын милдеттери
1. алынып салынды: Сактоочулар:
кошулду: Куткаруучулар:
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышууга даяр болууга, өзүнүн дене-тарбия, адистик, медициналык, психологиялык даярдыгын жогорулатууга;
- кыйроодон алынып салынды: сактоочу кошулду: куткаруучу кошуундардын курамында иштөө ыкмаларын өркүндөтүүгө;
- кыйроодон алынып салынды: сактоочу кошулду: куткаруучу иштерди жүргүзүүнүн технологиясын кыйшаюусуз сактоого;
- жабырлангандарды активдүү издөө, аларды алынып салынды: сактоо кошулду: куткаруу боюнча чара көрүү, аларга алгачкы медициналык жана башка жардамдарды … жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда өздөрү иштеп жаткан кыйроодон алынып салынды: сактоочу кошулду: куткаруучу кызматтардын, кыйроодон алынып салынды: сактоочу кошулду: куткаруучу кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарууга;
- … болгон учурлардагы иш-аракеттердин эрежесин түшүндүрүүгө милдеттүү.
кошулду: 2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын милдеттери тиешелүү уставдар, колдонмолор менен аныкталат жана эмгектик келишимдин (контракттын) курамдык бөлүгү болуп саналат.
(КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-27" title="27-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>