15-статья. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарды жоюуга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды ташууга, жайгаштырууга, материалдык-техникалык, каржылык, медициналык жана башка камсыз кылууга, ошондой эле куткаруучулардын, кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө кеткен чыгымдар келишимдерге ылайык төлөнөт. Мамлекеттик органдарда түзүлгөн кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын көрсөтүлгөн чыгымдарынын ордун толтуруу белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
2. Уюмдардан келишим боюнча келип түшүп, пайдаланылбай калган каражаттар кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын тескемесинде калат.
Пайдаланылбай калган бюджеттик каражаттар бюджеттик мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тескемесинде калат.
Пайдаланылбай калган бюджеттик каражаттар алынып салынды: колдонуудагы кошулду: бюджеттик мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № алынып салынды: 147 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-15" title="15-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>