14-статья. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерилген бардык күчтөр менен каражаттарды жетектөөнү жана алардын өз ара байланышта аракеттенүүсүн уюштурууну өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилери жүргүзүшөт.
2. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын өзгөчө кырдаалдын аймагына биринчи болуп келген жетекчилери өзгөчө кырдаалды жоюунун Жарандык коргонуу жаатындагы жетекчилеринин ыйгарым укуктарын өзүнө алышат жана ал милдетти өзгөчө кырдаалдарды жоюунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, Жарандык коргонуу пландары менен аныкталган же мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ошол өзгөчө кырдаалдарды жоюу өз полномочиесине кирген органдары, мекемелеринин жетекчилери дайындаган жетекчилери келгенге чейин аткарышат.
3. Эгер Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилеринин чечимдери өзгөчө кырдаал аймагындагы бардык жарандар жана мекемелер үчүн милдеттүү болот.
4. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилеринин өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ишине аларды милдетин аткаруудан аныкталган тартипте четтетпестен жана жетекчиликти өзүнө алып же башка адамды кызматка дайындабастан туруп киришүүгө эч кимдин укугу жок.
5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчинин ыйгарым укуктары Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдардын жетекчилиги тарабынан аныкталат.
6. Өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өз алдынча төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга укуктуу:
- эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин ишин токтотуу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы объекттерде жана мекемелердин аймактарында кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү жөнүндө;
- адамдардын өзгөчө кырдаалдын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин материалдык ресурстарынын резервинин бронун пайдалануу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пайдалануу жөнүндө;
- кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарды, ошондой эле ушул аталган кошуундардын курамына кирбеген, бирок кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө аттестациядан өткөндүгүн далилдөөчү документи бар куткаруучуларды өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерге тартуу жөнүндө;
- калкты ыктыярдуу негизде кечиктирилгис жумуштарды аткарууга жана куткаруучу эмес айрым жарандарды өз макулдугу боюнча кыйроодон куткаруучу жумуштарды жүргүзүүгө тартуу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын абалына жана аны жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө байланыштуу зарыл башка чараларды көрүү жөнүндө.
Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өтө зарылдыктан улам кабыл алган чечимдери жөнүндө мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарын, мекемелердин жетекчилерин токтоосуз кабарлоо боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери, кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилери ал кырдаалды жоюу боюнча иштерди уюштурууга зарыл болгон бардык маалыматтарды билүүгө укуктуу.
8. Кыйроодон куткаруучу иштерди толук көлөмдө жүргүзүүгө технологиялык мүмкүнчүлүк болбогон учурда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өзгөчө кырдаалдын аймагындагы адамдарды куткаруу боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар биринчи иретте көрүлгөндөн кийин кыйроодон куткаруучу иштерди толугу менен же айрым-айрым токтотуу жөнүндө чечим кабыл ала алышат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2020 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймагына биринчи болуп келген жетекчилери өзгөчө кырдаалды жоюунун кошулду: Жарандык коргонуу жаатындагы жетекчилеринин ыйгарым укуктарын өзүнө алышат жана ал милдетти өзгөчө … жетекчилери дайындаган жетекчилери келгенге чейин аткарышат.
3. Эгер кошулду: Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө … дайындабастан туруп киришүүгө эч кимдин укугу жок.
5. Өзгөчө алынып салынды: кырдаалды жоюунун жетекчисинин кошулду: кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчинин ыйгарым алынып салынды: укуктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары, мекемелердин жетекчилиги кошулду: укуктары Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынды: аныктайт.
кошулду: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдардын жетекчилиги тарабынан аныкталат.
6. Өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өз … толугу менен же айрым-айрым токтотуу жөнүндө чечим кабыл ала алышат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № алынып салынды: 65 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-14" title="14-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>