Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жана Кара-Балта шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-апрели № 2 «Кара-Балта шаарынын 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жана Кара-Балта шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору» Кара-Балта шаарынын 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.О. Алымходжаевдин информациясын карап чыгып, Кара-Балта шаарынын шаардык Кеңеши : ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.О. Алымходжаевдин информациясын «Кара-Балта шаарынын 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жана Кара-Балта шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору» кабыл алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору бекитилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу ишин бюджет, муниципалдык менчиктештирүү, каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Кара – Балта шаар мэриясына жүктөлсүн.
Орун басары
К. Алыбаев
Кара-Балта шаарынын 2015-жылдын 12-айынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары боюнча маалымат
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кара-Балта шаарында каттодон өтүп, чарба ишин жүргүзгөн субъектилер - 3067 анын ичинен: ЖЧК-113, АК-21, ААК-6, ЖАК-11, МИ-2, кооперативдер-48, коомдук бирикмелердин филиалдары-118, бириккен ишканалар-5,нан бышыруучу жай-30, банктар-14, даарыканалар -19, ветеринардык даарыканалар -12, дүкөндөр, павильиондор-422, кафе ,ресторандар-78, мейманканалар -3, ТТС желимдөө- 60, жана башкалар-2094. 2015-жылдын 12-айдын ичинде Кара-Балта шаарынын өнөр-жай ишканалары аркылуу чыгарылган өндүрүштүн көлөмү 44млрд.249 млн.сом өлчөмүндө өндүрүш өндүрүлүп, былтыркы жылга салыштырганда өсүү темпи 102,2 % түзгөн. Аффинаждык өндүрүштүн көлөмүн эсепке албаганда 4 млрд. 928 млн. сом товар өндүрүлүп, өсүү темпи былтыркы жылга салыштырганда -100,9 % түзгөн. Нефть заводу ЖЧК “Чайна Петроль Компани “Джунда” чыгарган продукциясы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 707 229,5 миң сомду түзгөн. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүшүнүн өсүү темпин камсыз кылган ишканалар: ЖЧК “Нуристан” 119,4 %, Аффинаждык завод 102,3 %, Кара-Балтадагы өндүрүштүк бирикмеси “ЭЖЖСК” 126,7 %, АК “Апросах” 113,3 % ЖЧК “Интерхим” 145,6 %; ААК”АРЗ” 193,0 % ЖАК “Имоту-Интерпрайз”- сентябрь айында ишке киргизилип, 100 жумушчу орун камсыз кылынды ЖЧК “Айлана” 32,7 % 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүшүн бир кыйла төмөндөткөн ишканалар: ЖЧК “ Djun Cin Plastik”- 41,9 %, Казахстандан желим капкактарына тапшырыктар кескин кыскарган. ААК “КГРК” - 33,1 %, ноябрь айынан баштап уран иштетүүчү өнөр-жайына “ Казатомпром” компаниясынан чийки зат алынып келүү токтотулгандыгына байланыштуу болду. ЖЧК “Алко-Трейд”- 66,2 %, ишкана тегиз иш алып барганжок, өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшүнө негизги себеп- даяр өндүрүмдүн сатуусунун кыскарышы. МИ “Дан”- 64,6 %, Мам.мат.резервдин дандарын тарттыруусун жүргүзөт. Быйыл 2014-жылга салыштырмалуу 150% сактоо ээлеми жоюлган. Фабрика “Чолпон”-71% - дем алуу органадарын коргоочу атайы жеке каражаттарын чыгаруучу ишкана, тапшырыктардын жоктугунан май айынан бери токтоп турат. ЗНО “Электротерм” – 26,0%, негизинен “КТКК” тапшырыктарын аткарат. ЖЧК “КЗСИ”- 91,2 %, курулуш материалдарын чыгарууга тапшырыктар кыскарган Токтоп турган ишканалар: ЖЧК “Аква-Вита”- 2013- жылдын май айынан бери лицензиясы жоктугунан токтоп турат. ЖЧК “Кара-Балта Килем”- килем жана килем буюмдарын чыгаруучу ишкана, ээлик түрү-жеке менчик. Ишкана 2013-жылдан бери иштебейт. Негизги көйгөйлөр- токуу жабдууларынын моралдык жана физикалык жактан чыгышы, айландыруу каражаттарынын жоктугу, химиялык буланын жоктугу,кытай жана түрк өндүрүшчүлөрү тарабынан жараткан чоң атаандаштык. Азыркы күндө ишкананын жетекчилиги потенциалдык инвесторлорду издөө. Салык жана камсыздандыруу акысы боюнча карызы жок. ЖЧК “Бакай-Инпак”- капты чыгаруу боюнча ишкана, ээлиги-жеке менчик. Жабдуусу эскирген, айландыруу каражаты жок. МИ “Кара-Балта спиртзаводу”, МИ “Кара-Балта спиртзаводу2 2015-2017-жж. Мамлекеттик менчиктештирүү программасына киргизилген. Октябрь айында мамлекеттик мүлк комитетинде билдирме жок болгонуна байланыштуу, аукцион болбой калган. Өндүрүштүн негизги мүлктөрүнө баа берилген. Азыркы учурда өндүрүштө 34,9 миң дал даяр спирт бар. ЖЧК “Алсуу”, ноябрь айынан бери ишканасы өзүнүн иштөөсүн токтотуп, лицензиясы артка кайтарылган, өндүрүш аянттарын менчик компания сатып алган. 2015-жылдын 12-айдын ичинде : Чекене товарлардын айлануусу 7 375 216,0 миң сом, өсүү темпи 104,2 %; Соода 9 545 163,0 миң сом, өсүү темпи 104,0 %; Базар тейлөө 1 765 414,6 миң сом, өсүү темпи 99,6 %; Гостиницалар 5181,0 миң сом, өсүү темпи 99,9 %. 2015 жылдын 12 айынын ичинде шаардык бюджеттин киреше бөлүмүнүн аткарылышы
2015-жылдын 12-айдын ичинде шаардык бюджеттке 239579,7 миң сом түштү, план боюнча 100,1 пайыз түздү, пландык көрсөткүчү боюнча 239445,5 миң сом. Өткөн жылга салыштырмалуу шаардык бюджеттке 4855,2 миң сом көбүрөк түштү, башкача айтканда 102,1 пайызды түздү. Салыктын түрлөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ишке ашыруу да төмөнкү белгилер менен аныкталды: Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 87,5 % планга аткарылган, 61656,0 миң сом планга карата 53955,8 миң сом түштү, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 6049,7 миң сомго аз түшкөн. Жайыл райондук Мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын чечими менен бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы 76,2 миң сом өлчөмүн түздү. Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык 81,8 % план аткарылган, 4357,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 3565,6 миң сом түздү, б.а. 791,4 миң сомго аз түшкөн, өткөн жылга караганда 2015-жылы 23,5 миң сомго көп түшкөн. Милдеттүү патенттин негизинде салык 99,3 % планга аткарылган, 2960,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 2938,9 миң сом, б.а. 21,1 миң сомго аз түшкөн, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 169,4 миң сом көп түшкөн. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык 97,6 % түздү, 23322,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 22770,6 миң сом, б.а 551,4 миң сомго аз түшкөн, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 735,1 миң сомго көп түшкөн. Кыймылсыз мүлккө салык 103,0 % планга аткарылган, 9179,9 миң сом планга карата жалпы суммасы 9457,2 миң сом, б.а. 277,3 миң сомго көп түшкөн, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 141,2 миң сомго көп түшкөн. Транспорттук каражаттарга салык 122,5 % планга аткарылган, 8450,0 миң сом планга карата 10355,1 миң сом түштү, б.а. 1905,1 миң сомго көп түшкөн, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 219,2 миң сомго көп түшкөн. Коро жанындагы жана бакчалар жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы 92,6 % планга аткарылган, 3000,0 миң сом планга карата 2778,3 миң сом чогулду, б.а. 221,7 миң сомго аз, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 124,3 миң сомго аз түшкөн. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы 11,8 миң сомду түздү. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 102,6 % планга аткарылган, 16264,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 16689,0 миң сомду түздү, б.а. 425,0 миң сомго көп, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 1593,4 миң сомго көп түшкөн. Сатуудан салык 106,9 % планга аткарылган, 87800,2 миң сом планга карата жалпы суммасы 93867,5 миң сом түздү, б.а. 6067,3 миң сомго көп түштү, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 8225,4 миң сомго көп түшкөн. Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык 104,3 % планга аткарылган, 982,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 1024,4 миң сомду түздү, б.а. 42,4 миң сомго көп, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 356,2 миң сомго аз түшкөн. 12-айдын ичинде башка салыктар жана жыйымдар 17,6 миң сомду түзгөн. Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиясын кармоо үчүн акы 35,2 миң сомду түздү. Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы 120,2 % планга аткарылган, 1950,0 миң сом планга карата суммасы 2343,3 миң сомду түздү, б.а. 393,3 миң сомго көп түштү, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 77,6 миң сомго аз түштү. Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөрү боюнча 27,0 миң сом түштү. Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы 85,0 % планга аткарылды, 320,0 миң сом планга карата шардык бюджеттке 272,1 миң сом түштү, б.а. 47,9 миң сомго аз, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 88,8 миң сомго көп түштү; Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым 132,5 % планга аткарылган, 200,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 264,9 миң сомду түздү, б.а. 64,9 миң сомго көп, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 55,3 миң сомго көп түштү. Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым 54,4 % планга аткарылган, 5150,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 2802,6 миң сомду түздү, б.а. 2347,4 миң сомго аз, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 938,4 миң сомго аз түшкөн. Башка салыктык эмес киреше 0,2 миң сомду түздү. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр 111,9 % планга аткарылган, 2965,5 миң сом планга карата жалпы суммасы 3318,6 миң сомду түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 950,4 миң сомго көп түштү. Административдик айыптарды чогултууда 1639,5 миң сомду түздү. 2015-жылдын 12-айдын ичинде айыл чарбасына жараксыз жерлер 15 эсе көбүрөөк планга аткарылган, 110,0 миң сом планга карата жалпы суммасы 1726,1 миң сомду түздү, б.а. 1616,1 миң сомго көп, өткөн жылга салыштырмалуу 2015-жылы 1236,9 миң сомго көп түшкөн. Башка имараттарды сатууда шаардык бюджетке 88,1 миң сом түштү. Чыгымдар
“Мамлекеттик тейлөө” бөлүмү. Шаардык кеңеш жана мэриянын аппаратынан 2015-жылыдын 12-айында шаардык бюджеттен 17537,2 миң сом каржыланды, анын ичинен: Негизги маяна 8592,3 миң сом; Социалдык фондго төгүмдөр 1356,6 миң сом; Өлкө ичинде иш сапарларга чыгашалар 102,0 миң сом; Коммуналдык кызматтар 1645,6 миң сом; Транспорттук кызматтар 411,1 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 1622,6 миң сом; Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 396,4 миң сом; Эмерек, кеңсе жабдуулары жана шаймандары 491,3 миң сом Ошондой эле 2015-ж. 12 айында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жана социалдык жардам боюнча Кара-Балта шаарынын жашоочуларына 2919,3 миң сом бөүнгөн, анын ичинен: 980,0 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү: аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, дарыланууга, кургак учук менен ооругандарды жеткирүүгө 1281,8 миң сом спонсорлук жардам көрсөтүлү: Авган соогушундагы ветерандарга, ЧАЭЧ катышуучуларына, 8 Март майрамына карата иш-чарага, 7-апрел кунүндө курман болгондорду эске алуу боюнча иш чара, Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн 70-жылдыгын майрамына, балдарды коргоо күнүнө, Кара-Балта шаарынын 40-жылдык күнүнө,балдар үйүнө. 513,0 миң сом Кара-Балта шаарынын Ардакту атуулдары жана кварталдык комитеттеринин төрагаларынын төлөмдөрү жана компенцациялары. 144,5 миң сом Кара-Балта шаарынын Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлер Кеңешине бөлүнүп берилген. “Билим берүү” бөлүмү
(Шаардык билим берүүнүн каржы-материалдык камсыздоо боюнча бөлүмү) Кара-Балта шаарынын билим берүү бөлүмүндө 23 бюджеттик мекемелер кирет: 10 орто мектеп, гимназия орто мектеби Макаренко атындагы, 2 башталгыч класстар мектеп, балдардын чыгармачылык үйү, 9 бала-бакча жана каржы-материалдык камсыздоо боюнча бөлүмү Кара-Балта шаарынын мэриясынын бюджетинен 2015-жылынын 12 айдын ичинде 65931,7 миң сом каржыланган анын ичинен: Негизги маяна 1168,4 миң сом; Социалдык фондго төгүмдөр 201,5 миң сом; Өлкө ичинде иш сапарларга чыгашалар 29,6 миң сом; Байланыш кызматтары 99,8 миң сом; Коммуналдык кызматтар 30949,6 миң сом; Медициналык багыттагы дары-дармектери жана заттарды алуу 20,0 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 660,0 миң сом; Тамак аш азыктарын алуу 16576,0 миң сом; Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 3005,0 миң сом; Механизимдер жана өндүрүштүк жабдуулар 9073,1 миң сом; Макаренко атындагы гимназия мектеби
Кара-Балта шаарынын мэриясынын бюджетинен 2015-жылынын 12 айдын ичинде 7200,8 миң сом каржыланган анын ичинен: Байланыш кызматтары 32,3 миң сом; Транспорттук кызматтар 16,9 миң сом Коммуналдык кызматтар 4056,2 миң сом; Медициналык багыттагы дары-дармектери жана заттарды алуу 20,0 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 115,3 миң сом; Тамак аш азыктарын алуу 2579,9 миң сом; Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 320,2 миң сом; Мүлктү учурдагы оңдоо 60,0 миң сом. Маданият бөлүмү
“Манас спорт топтому”
2015-жылдын 12 айынын ичинде шаардык бюджеттен 17102,6 миң сом каржыланды, анын ичинен: Негизги маяна 4095,4 миң сом; Социалдык фондго төгүмдөр 696,7 миң сом; Өлкө ичинде иш сапарларга чыгашалар 2395,8 миң сом; Коммуналдык кызматтар 6254,5 миң сом; Транспорттук кызматтар 21,0 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 1030,0 миң сом; Мүлктү учурдагы оңдоо 229,7 миң сом. Медициналык багыттагы дары-дармектери жана заттарды алуу 6,6 миң сом Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 1797,3 миң сом; Ведомстволук эмес кузөт кызмат көрсөтүү 309,9 миң сом; Капиталдык оңдоо 865,7 миң сом Ошондой эле 2015-жылдын 12 айдын ичинде тренердик-окутуучу түзүмү өзүнүн тарбиялоонуучулары менен 247 массалык -спорттук иш-чараларга катышты, спорттун 27 түрү боюнча 7917 спортсмендер мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Манас СК дирекциясынын жыйынтыгы боюнча турнирден 62 өспүрүмдөр чемпиондук наамга ээ болушту. “Кара-Балта” МФК
“Кара-Балта” МФК (муниципалдык футболдук командасы)
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кара-Балта” МФК Кыргыз Республикасынын 1-Лига Биринчилигинин эки эсе абсолюттук чемпион наамын алышты. 2016-жылында Кыргызстандын футбол боюнча ТОП-Лига сертификатына ээ болду, ошондой эле “Кара-Балта-2” МФК 3 орунга ээлешти. 2015-жылдын 12 айынын ичинде шаардык бюджеттен 5948,3 миң сомду каржыланды, анын ичинен: Негизги маяна 3398,8 миң сом; Социалдык фондго төгүмдөр 586,2 миң сом; Өлкө ичинде иш сапарларга чыгашалар 708,6 миң сом; Транспорттук кызматтар 60,0 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 626,7 миң сом; Медициналык багыттагы дары-дармектери жана заттарды алуу 20,0 миң сом Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 548,0 миң сом; “Ленин”атындагы маданият сарайы
2015-жылдын 12 айынын ичинде шаардык бюджеттен 5244,5 миң сом каражат бөлүндү анын ичинен: Негизги маяна 2198,5 миң сом; Социалдык фондго төгүмдөр 372,4 миң сом; Өлкө ичинде иш сапарларга чыгашалар 20,0 миң сом; Коммуналдык кызматтар 919,5 миң сом; Транспорттук кызматтар 124,4 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 473,9 миң сом; Мүлктү учурдагы оңдоо 30,2 миң сом; Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 695,6 миң сом; Кийим-кечек тигүү жана оңдоо 410,0 миң сом. 2015-жылы 12 айдын ичинде В. Ленин атындагы шаардык маданий сарайында жана аянтында 342 иш чаралары өткөрүлүп, аны көрүүгө келген 96 048 көрүүчүлөр канааттанууга ээ болушкан. Бардык иш чаралар В. Ленин атындагы шаардык маданий сарайында пландык иштерге ылайык жогорку деңгелде өткөрүлөт. ММБ жана “Турак жай коммуналдык чарба”бөлүмү
Кара-Балта шаар мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы
2015-жылдын 12 айынын ичинде ММБ жана “Турак жай коммуналдык чарба” бөлүмүнө шаардык бюджеттен 145866,7 миң сом каржыланды, анын ичинде: Муниципалдык менчик бөлүмүнө 7297,4 миң сом каражат бөлүнгөн, анын ичинде: Негизги маяна 4976,3 миң сом; Социалдык фондго төгүмдөр 789,0 миң сом; Өлкө ичинде иш сапарларга чыгашалар 45,0 миң сом; Транспорттук кызматтар 150,0 миң сом; Дагы башка кызматтарды алуу 357,1 миң сом; Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 490,0 миң сом; Механизимдер жана өндүрүштүк жабдуулар 490,0 миң сом; “Турак жай коммуналдык чарба”бөлүмү
Шаарды көркүнө келтирүү иштерине 69186,1 миң сом; Ведомстволук эмес күзөт кызмат көрсөтүү 1095,0 миң сом; Электр энергиясына акы 3544,8 миң сом; Өндүрүштүк курулмаларды капиталдык оңдоо 64148,8 миң сом; Механизимдер жана өндүрүштүк жабдуулар 594,6 миң сом; Кара-Балта Гарантиялык фондусу
2015-жылдын 12 айынын аралыгында 20 гарантий берилди 3874,8 миң сомго. Бул кредиттер мал чарбачылыкка жана өсүмдүк өстүрүчүлүкө берилди. Баардыгы болуп 27875,7 миң сомго кредиттер алынды: мал чарбачылыкка жана өсүмдүк өстүрүчүлүкө - 4050,0 миң сом; сатууга - 22025,7 миң сом; кызмат көрсөтүүгө – 1800,0 миң сом Ошондой эле 8 жумушчу орундар түзүлдү, 35 жумушчу орун сакталды. КЭБнүн башчысы М. Алымходжаев Кара-Балта шаарынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 2016-жылы Кара-Балта шаарынын өнөр-жай ишканаларынын көлөмү 46,5 млрд. сомго чейин алдын ала караштырууда, аффинаждык өндүрүштүн көлөмүн эсепке албаганда 6,0 млрд. сомго чейин каралууда. 2016-жылы шаардык бюджеттин жалпы кирешеси 274939,1 миң сом өлчөмүндө түзүлөт. Ошондой эле шаардык бюджеттин чыгымдар бөлүмү 274939,0 миң сомду түзөт. 2016-жылы шаардын өнөр-жай ишканаларынын көбү калыбына келиши күтүлөт, анын ичинде : Айыл-чарба продукциясын кайтадан иштеп чыгуу заводунун курулушу планда. ( иштелип чыккан ашкабак, томат, ж.б.). Суткада кубаттуулугу 350 тн., каржыланылышы жекече инвестициялар 1,0 млн.долл., жумушчу орун 100 киши. Кичи-тегирмен куруу, суткада кубаттуулугу 60 тоннага чейин, каржылоо жеке инвестициялар 12,0 млн. сом. ЖЧК «Кабатаж»ишке кирүүсү пландаштырууда, граниттик беттеме материалын өндүрүү боюнча, «Бишкек-Комхоз- Кара-Балта» эркин экономикалык зонанын чегинде, жеке инвестициялар 500,0 миң долл., жумушчу орун 20 киши. ЖЧК «Фортуна и К» ишке кирүүсү пландаштырууда, иштелип чыккан алтын кенин кармоо боюнча, жеке инвестициялар 1000 миң долл., жумушчу орун 20 киши. «Deniz Tekstil» ишканасы ачылууда, текстилдик сырьелор чыгып башталат, бир күндө кубаттуулугу 30 тоннага чейин согулган кездеме полотносу иштелип чыгат. Жеке инвестициялар 10,0 млн.долл., жумушчу орун 260 киши. Ошондой эле 2016-жылы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш чаралар каралат. Ушул максатка жетүүгө шаардык бюджеттен 120141,8 миң сом каржыланат. Кара-Балта шаарынын 2016-жылга киреше бюджетти- 274939,1 миң сомду түзөт, анын ичинен: каражат бюджетти – 260139,1 миң сомду түзөт, атайын шаардын каражаты – 14800,0 миң сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясынын негизинде алдына ала долбоору 2013-2017-жылга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 01.04.2013-жыл №67/1-р Токтомунун негизинде бекитилген. Ошондой эле чоң өнөр жай продукциясын өсүү темпин жогорулатуу. Шаардагы орто ишканаларды, кичи жана орто бизнести, чарба субъектинин өсүү темпин жогорулатуу боюнча, эң негизгиси жеңил өнөр жай ишканаларды жана кайра иштетүү тармактарын ачуу. Ар түрдүү кызматтык шаар тургундарына кызмат көрсөтүү. Экинчи жарым жылдыгында шаарда ЖЧК “Кабатаж”, ЖЧК “Фортуна и К”, ишке кирүүсү пландаштырууда, кичи-тегирмен жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү заводун курууга пландаштырылган. 10-15 айыл чарба субъектилерин ишкерлик менен шаар тургундарына ар кандай кызматтарды ачуу туралуу пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2016-жылдын 12 январынын протоколдук тапшырмасында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-339 беренелеринин негизинде, эгерде жер салыгынын көбөйтүү коеффицентти К3 айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына 1,1 колдонулса ошондо кошумча салык 1400,0-1600,0 миң сом түзөт, ал эми жогорулатуу К3 1.2 колдонулса түшкөн салыктын суммасы 2800,0-3200,0 миң сом чейин болот. Ошондой эле шаардык бюджеттин жоготуусун азайтууда, “Манас” спорт топтомун жана Ленин атындагы маданий сарайын кызмат көрсөтүү тарифтерин жогорулатышыбыз керек, мектепке чейинки балдар мекемелеринин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөрүн 2200,0 миң сомго жогорулатуу керек. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016 – жылы такталып жана кварталга бөлүнгөнү (миң сомдон)
Кирешелер
Кара-Балта шаары
1
2
3
4
5
6
7
Прогноз
I квартал
II квартал
III квартал
IV квартал
Кирешелер + активдер жана милдетмелер (жерди сатуу)
274939,1
60443,0
64156,5
67806,0
82533,6
1
Кирешелер
274829,1
60415,5
64129,0
67778,5
82506,1
11
Салык кирешеси
254607,0
55437,9
59312,4
62961,9
76894,8
111
Кирешеге жана пайдага болгон салыктар
74038,0
14871,0
16983,3
17028,6
25155,1
1111
Кирешеге жана пайдага болгон салыктар
74038,0
14871,0
16983,3
17028,6
25155,1
11111
Жеке жактардан - Кыргыз Республикасынын резиденттеринен алынуучу киреше салыгы
74038,0
14871,0
16983,3
17028,6
25155,1
11111100
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
74038,0
14871,0
16983,3
17028,6
25155,1
1112
Атайын режимдер боюнча салык
36455,0
8251,6
9184,6
9521,8
9497,0
11121
Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр
6000,0
1500,0
1500,0
1500,0
1500,0
11121100
Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык
6000,0
1500,0
1500,0
1500,0
1500,0
11122
Патенттин негизинде салык
30455,0
6751,6
7684,6
8021,8
7997,0
11122100
Милдеттүү патенттин негизинде салык
3255,0
651,3
748,6
813,8
1041,3
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык
27200,0
6100,4
6935,9
7208,1
6955,6
113
Менчикке салык
41834,0
10649,7
11724,2
12362,3
7097,8
1131
Мүлккө салык
21234,0
5048,2
6398,2
6996,7
2790,9
11311
Кыймылсыз мүлккө салык
12634,0
4102,2
3130,2
2610,7
2790,9
11311100
Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык
34,0
8,5
8,8
16,7
11311200
2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык
12600,0
4093,7
3121,4
2594,0
2790,9
11312
Кыймылдуу мүлккө салык
8600,0
946,0
3268,0
4386,0
0,0
113121
Транспорттук каражаттарга салык
8600,0
946,0
3268,0
4386,0
0,0
11312120
Юридикалык жактардын транспорт каражатына салык
11312120
Жеке жактардын транспорт каражатына салык
8600,0
946,0
3268,0
4386,0
0,0
1132
Жер салыгы
20600,0
5601,5
5326,0
5365,6
4306,9
11321
Жер салыгы
20600,0
5601,5
5326,0
5365,6
4306,9
11321100
Короо жанындагы жана бакчалар жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы
3000,0
690,0
750,0
1560,0
0
11321300
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы
17600,0
4911,5
4576,0
3805,6
4306,9
114
Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар
102280,0
21665,5
21420,3
24049,2
35145,0
1141
Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жалпы салыктар
102280,0
21665,5
21420,3
24049,2
35145,0
11412
Сатуудан салык
100680,0
21377,5
21052,2
23569,2
34681,1
11412100
Сатуудан салык
100680,0
21377,5
21052,2
23569,2
34681,1
1144
Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык
1600,0
288,0
368,14
480,0
463,9
11442
Роялти
1600,0
288,0
368,14
480,0
463,9
116
Башка салыктар жана жыйымдар
0
0
0
0
0
1161
Башка салыктар жана жыйымдар
0
0
0
0
0
11611
Башка салыктар жана жыйымдар
0
0
0
0
0
14
Салыктык эмес кирешелер
20222,1
4977,6
4816,6
4816,5
5611,3
1415
Ижара акысы
2270,0
528,5
567,5
567,5
606,5
14151
Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн акы
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
14151100
Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн акы
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
14152
Жаратылыш ресурстарын пайдалануу акысы
1950,0
448,5
487,5
487,5
526,5
14152100
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы
1950,0
448,5
487,5
487,5
526,5
14153
Мүлк ижарасы үчүн акы
320,0
80,0
80,0
80,0
80,0
14153200
Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы
320,0
80,0
80,0
80,0
80,0
142
Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер
17952,1
4449,1
4249,1
4249,0
5004,8
1422
Административдик жыйымдар жана төлөмдөр
3152,1
938,0
738,0
738,0
738,0
14221
Жыйымдар жана төлөмдөр
202,1
200,5
0,5
0,5
0,5
14221700
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым
200,0
200,0
0
0
0
14221800
Автотранспорт токтотуу үчүн жыйым
2,1
0,52
0,52
0,525
0,525
14222
Мамлекеттик алымдар
2950,0
737,5
737,5
737,5
737,5
14222200
Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым
2950,0
737,5
737,5
737,5
737,5
1423
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр
14800,0
3511,1
3511,1
3511,1
4266,8
143
Айыптар, санкциялар, конфискациялар
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
14311100
Административдик айыптар
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
3
Активдер жана милдеттенме
110,0
27,5
27,5
27,5
27,5
31
Финансылык эмес активдер
110,0
27,5
27,5
27,5
27,5
31412
Айыл чарбасына жараксыз жерлер
110,0
27,5
27,5
27,5
27,5
314121
Турак жай имараттары жана курулмаларына берилген жер
110,0
27,5
27,5
27,5
27,5
ЧЫГЫМДАР
Бюджеттин чыгымдарын аныктоодо өтүп кеткен жылдар алынып, 2016-жылдын 1-январындагы өткөн кредитордук карызы жана экономикалык жагдайдын корректировка кылынды. Шаардык бюджеттин чыгымдар бөлүгү – 274939,1 миң сомду түздү жана төрт бөлүмдөрдөн турат: Мамлекеттик тейлөө, билим берүү, турак жай коммуналдык чарба жана маданият. Эң көп чыгымдарга турак жай коммуналдык бөлүмү кирет – 127284,8 миң сом – 48,9 %, билим берүүгө – 76814,6 миң сом – 29,5 %, маданият бөлүмүнө – 35014,4 миң сом – 13,5 %, мамлекеттик тейлөөгө – 21025,3 миң сом – 8,1 %, атайын чыгымдарга – 14800,0 миң сом бөлүнөт. МАМЛЕКЕТТИК ТЕЙЛӨӨНҮ ДАЙЫНДОО БОЮНЧА
Мамлекеттик башкарууну кармоодо 19972,6 миң сом чыгымдар каралат. 2013-жылдын 28-июнунда № 383 жана 384 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Токтомуну негизинде (кийинки өзгөрүлөр, кошумчалар ) кызмат акы фондусу муниципалдык кызматкерлерге каралган, шаардык Кеңештин, мэриянын, ММБнүн кызматкерлерине социалдык фондун отчислениясы менен бирге 7159,1 миң сом түздү. 54 штаттык бирдиктен турат. Муниципалдык кызматкердин орточо айлык акысы 11047,9 сомдон турат. Шаардык Кеңештин, мэриянын, ММБнүн жана профсоюздук комитетин кайрылуусу негизинде, шаардык бюджеттен муниципалдык кызматкерлердин кызмат акы фондусу 9606,4 миң сомго көбөйтүүсү алдын ала каралат. Кара-Балта мэриясынын резервдик фондусу 1 пайызга каралган, 2601,4 миң сом шаардык бюджеттин өлчөмүнөн. Ошондой эле шаардык бюджеттен “Кара-Балта суу каналына” 3000,0 миң сом жардамга берилүүчү акча бөлүнүүгө пландаштырылат, шаардын жашоочуларына үзгүлтүксүз суу бердирүүгө. БИЛИМ БЕРҮҮ
Кара-Балта шаарынын билим берүү бөлүмүндө 23 бюджеттик мекемелер кирет: 10 орто мектеп, гимназия орто мектеби Макаренко атындагы, 2 башталгыч класстар мектеп, балдардын чыгармачылык үйү, 9 бала-бакча жана каржы-материалдык камсыздоо боюнча бөлүмү. 2016-жылы 130 орунду “Достук” атындагы бала бакчасы ачылууга пландаштырылган. 2016-жылы мекемелерди кармоодо 76814,6 миң сомго каржыланат. Кызмат акы фондусу каржы-материалдык камсыздоо боюнча бөлүмүнүн штаттык саны жана вспомогательный группалар боюнча 1168,4 миң сомду түзөт. Тамак аш азыктарын алуудагы чыгымдары 22405,0 миң сом каралган. Мындай расчет бир күңдөгү бир баланын көрсөткүчү боюнча Ошондой эле шаардык бюджеттен бир күндүк тамак аштын нормативин бекитүүгө пландалууда: Мектепке чейинки мекемелерге – 39 сомдон Макаренко атындагы гимназия мектебине – 105 сомдон 2014-жылдын 20-ноябрында № 660 Өкмөттүн Токтомунда сууга, электр энергиясына, жылуулук берүүнүн чыгымдары лимиттин негизинде экономиялык жана максаттуу чаралары менен суу, электро энергиясы, жылуулук берүүсү эсептелинди. ТУРАК – ЖАЙ ЧАРБАСЫ
Турак – жай чарбасына бөлүмүнө чыгымдарды аныктоодо негизгисин мурунку жылдардын эсебинен жана планынан алынды, шаарды жакшыртуунун жана инфра түзүлүшүн оңдоодо программаларынын аткарылышынын камсыздоосу, 2016 жылдын 1 январына карата кредитордук карыздары менен 11711,0 миң сом түздү. Бул бөлүмдүн чыгымдары 118629,0 миң сом көлөмүндө аныкталды. Каражаттын баардыгы шаардын жакшыртуусуна, оңдоого жана муниципалдык менчик объектилерин калыбына келтирүүгө багытталат. Муниципалдык менчик башкармалыгын кармоосуна баардыгы 8655,8 миң сом чыгымдары караштырылат. МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ
Бул бөлүмдүн чыгымдарына шаардын спорттун имараттары, маданият мекемелери, жыл ичиндеги өткөрүлгөн маданият жана спорт чаралары кирет. Маданият мекемелерине төмөнкүлөр кирет: “Ленин” атындагы маданият сарайы, “Кара-Балта” муниципалдык футбол клубу жана “Манас” спорт топтому. Бөлүмдөрдүн каржылана турган чыгымдардын көлөмү 35014,4 миң сомго түзөт. “Манас” спорт топтомуна 20102,6 миң сом “Кара-Балта” муниципалдык футбол клубуна 5811,8 миң сом “Ленин” атындагы маданият сарайына 9100,0 миң сом Бул мекемелердин чыгашалары фактылык керектелүүсүнөн жана көрсөткүч эсебинен байкаштырып каралган (Айлык маянасы, соцфонд, командировкалар, жарык, жылуулук, электро энергиясы, суу керектелүүсү, байланыш тейлөөсү жана башка). Чыгымдардын башка каражат кетүүсү областтык жана республикалык спартакиадага жана турнирлерге, массалык маданият чараларына өткөрүүгө жогору айтылган мекемелерге байкаштырылды. Андан тышкары канцелярдык, дезинфекциялык, чарбалык жана башка иш чараларга дагы байкаштырылды.
Председатель
Д. Шабданов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга…Постановление · 28.06.2013 · № 383 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.11.2014 · № 660 · Күчүн жоготкон