Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 10 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы „Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3- ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесипкөй мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын негизинде токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекцнясынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана администрациялык ведомстволорунда статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлсүн.";
- аталган Жарлыктын "статс-катчынын кызмат орундары түзүлө турган мамлекеттик органдардын Тизмеси" деген тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги:
- конкурстук жол-жоболордун толук ачыктыгын камсыз кылуу менен мамлекеттик органдын статс-катчысынын бош кызмат ордуна конкурстук тандап алууну уюштурсун;
- статс-катчынын кызмат ордуна дайындалган адамдарды мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын, мамлекеттик кызматчынын этикасы, эмгек мыйзамдары, адам ресурстарын башкаруу, финансылык менеджмент, азыркы кездеги маалыматтык технологияны колдонуу жана башка маселелер боюнча окутууну жүргүзсүн;
- мамлекеттик органдын статс-катчыларынын кызматтык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу аткарышына мониторингди камсыз кылсын.";
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун тузүмүн жана штаттык санын, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда жана бекитүүдө мамлекетгик органдын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орунбасарлары аткара турган функцияларды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005- жылдын 12-июлундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30- сентябрындагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Админнстрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча…Постановление · 06.05.2006 · № 323
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдыи 3-ноябры ПЖ № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун тузуу жонундо" ЖарлыгыУказ · 03.11.2004 · № 376 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Указ · 12.07.2005 · № 273 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери»…Постановление · 28.02.2006 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 418 "Мамлекеттик органдын статс-катчысын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө"…Указ · 30.09.2005 · № 418 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 488 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын…Указ · 24.10.2005 · № 488 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 24 февраля 2005 года УП №58 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики «Об учреждении высшей административной государственной должности…Указ · 24.02.2005 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдыи 3-ноябры ПЖ № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун тузуу жонундо" ЖарлыгыУказ · 03.11.2004 · № 376 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Указ · 12.07.2005 · № 273 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 418 "Мамлекеттик органдын статс-катчысын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө"…Указ · 30.09.2005 · № 418 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 488 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын…Указ · 24.10.2005 · № 488 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 24 февраля 2005 года УП №58 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики «Об учреждении высшей административной государственной должности…Указ · 24.02.2005 · № 58 · Күчүн жоготкон