Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 376 «Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун тузуу жонундо» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2004-11-03.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 3-ноябры ПЖ № 376 Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2005-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 58 2005-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 61,2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273, 2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 418, 2005-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 488,2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10, 2006-жылдын 23-январындагы ПЖ № 27,2007-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 208, 2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 384,2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 2008-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 68, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17,2016- жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле кесипкөй мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгыиштерин камсыз кылуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мамлекеттик кызматынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын тышкары Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана администрациялык ведомстволорунда статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлсүн.
(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10, 2007-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 208, 2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 384, 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481, 2008-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 68, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2016- жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2.(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш:
- жогоруда аталган мамлекеттик органдарда статс-катчынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоону өткөрсүн жана тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен аларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында статс-катчынын кызмат ордун уюштуруу жөнүндө маселени карасын жана Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуш киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы:
- конкурстук жол-жоболордун толук ачыктыгын камсыз кылуу менен мамлекеттик органдын статс-катчысынын бош кызмат ордуна конкурстук тандап алууну уюштурсун;
- статс-катчынын кызмат ордуна дайындалган адамдарды мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын, мамлекеттик кызматчынын этикасы, эмгек мыйзамдары, адам ресурстарын башкаруу, финансылык менеджмент, азыркы кездеги маалыматтык технологияны колдонуу жана башка маселелер боюнча окутууну жүргүзсүн;
- мамлекеттик органдын статс-катчыларынын кызматтык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу аткарышына мониторингди камсыз кылсын.
(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- статс-катчынын кызмат ордун уюштурууну Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде жүргүзсүн;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун түзүмүн жана штаттык санын, ошондой эле мамлекеттик органдардын статскатчылары жана мамлекеттик органдын жетекчисинин орунбасарлары аткара турган функцияларды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылуу менен алар жөнүндө Жобону кайра карасын;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун түзүмүн жана штаттык санын, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда жана бекитүүдө мамлекеттик органдын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орунбасарлары аткара турган функцияларды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;
- бошогон адамдарды ишке орноштуруу маселесин белгиленген тартипте чечсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 Жарлыгынын тиркемеси
Статс-катчынын кызмат орду уюштурула турган мамлекеттик органдарынын тизмеси
(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы ПЖ № 27 Жарлыгы менен бул тизмеге өзгөртүү киргизилген
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- Распоряжение Премьер-министра КР от 19 октября 2005 года №433Распоряжение · 19.10.2005 · № 433
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу…Указ · 23.01.2006 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын…Указ · 16.01.2006 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 331 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2005 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 418 "Мамлекеттик органдын статс-катчысын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө"…Указ · 30.09.2005 · № 418 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 488 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын…Указ · 24.10.2005 · № 488 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-апрелиндеги №208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Указ · 27.04.2007 · № 208 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 61 " "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун тузуу жонундо" Кыргыз…Указ · 28.02.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 марта 2005 года N 139 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 11 мая 2004 года N 350 "О…Постановление · 18.03.2005 · № 139 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 24 февраля 2005 года УП №58 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики «Об учреждении высшей административной государственной должности…Указ · 24.02.2005 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (14)
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу…Указ · 23.01.2006 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын…Указ · 16.01.2006 · № 10 · Күчүн жоготкон
14 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү…Указ · 30.06.2016 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 417 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005- жылдын 21-апрелиндеги «Кыргыз…Указ · 30.09.2005 · № 417 · Күчүн жоготкон