Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 282 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 12 апреля 2024 года УП № 94 "О Национальном институте стратегических инициатив при Президенте Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-04-12.
КР Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 12-августу ПЖ № 282 Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мекеме катары аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагынан чыгарылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси болуп кайра аталсын.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Институттун уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Институттун штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Институттун директорунун жана негизги персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Институттун негизги персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
2) Институттун негизги персоналына эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпулду төлөө;
3) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысын төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
2) өзүнүн чечимдерин 3 айдын ичинде ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Begin_nocompare
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№
Негизги персоналдын штаттык бирдиктеринин саны
Техникалык жана тейлөө персоналынын штаттык бирдиктеринин саны
1
24
6
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун негизги персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№
Кызмат орундун аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
Эселөө коэффициенти
1
Директор
1
10,66
2
Директордун орун басары
2
8,52
3
Илимий кызматкерлер
18
7,81
4
Финансылык менеджер-бухгалтер
1
5,40
5
Кадр маселелери боюнча менеджер
1
4,83
6
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча административдик менеджер-адис
1
4,83
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.04.2024 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Уставы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-августундагы ПЖ № 282…Устав · 12.08.2022 · № 282 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.04.2024 · № 94
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1