Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 94 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 12-апрели ПЖ № 94 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 31-майындагы ПЖ № 131 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин натыйжалуу эксперттик-талдоочулук колдоону камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (мындан ары - Улуттук институт) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Улуттук институттун уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Улуттук институттун штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Улуттук институттун директорунун, анын орун басарларынын жана негизги персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка.
3. Улуттук институттун негизги персоналына эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпулду төлөө белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) төмөнкүлөрдү бекитсин:
- кайра уюшулган юридикалык жактардын өткөрүп берүү актысы;
- Улуттук институттун директорунун, анын орун басарларынын жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
3) үч айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Улуттук институт юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) боюнча бардык зарыл жол-жоболорду белгиленген тартипте жүргүзсүн.
6. (КР Президентинин 2024-жылдын 31-майындагы ПЖ № 131 Жарлыгынын редакциясына ылайык колдонулушу жокко чыгарылды)
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борбору жашыруун мүнөзгө ээ болгон маалыматтарды кошпогондо, Улуттук институттун директорунун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча маалыматтарды берип турсун.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-августундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 341-пункту.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 29 (3582) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун штаттык санынын ЧЕГИ
№
Негизги персоналдын штаттык бирдиктеринин саны
Техникалык жана тейлөөчү персоналдын штаттык бирдиктеринин саны
36
6
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун Устав (КР Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына)устав · 12.04.2024 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине…Указ · 20.03.2025 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-майындагы ПЖ № 131 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине…Указ · 31.05.2024 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын…Указ · 18.12.2024 · № 371
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-августундагы ПЖ № 282 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.08.2022 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Уставы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-августундагы ПЖ № 282…Устав · 12.08.2022 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Президенттин “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилдиУказ · 19.12.2024
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-майындагы ПЖ № 131 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине…Указ · 31.05.2024 · № 131
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.01.2025 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-августундагы ПЖ № 282 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.08.2022 · № 282 · Күчүн жоготкон