Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 155 «№ 99 Кесиптик лицейи» мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 14-июну ПЖ № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө IТ-багыттар боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү менен "№ 99 Кесиптик лицей" мекемесине өзгөчө статус берилсин жана андан ары "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемеси деп аталсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статустун алкагында төмөнкүдөй укуктар берилет деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна талаптарды эске алуу менен билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) билим берүүдөн, окуу-өндүрүштүк жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен киреше алууга жана аларды ишти жакшыртууга жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшоого;
3) көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле материалдык-техникалык базаны ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөөгө;
4) башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого;
5) акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемесинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелесин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи"…Постановление · 24.11.2023 · № 627
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлунун № 371 "Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү…Постановление · 08.07.2024 · № 371
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 286 "Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын уюмдарынын кызматкерлеринеэмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 286
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралы № 89 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 12.02.2026 · № 89
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы N 669 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер…Распоряжение · 24.12.2024 · № 669
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 286 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 286
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021