Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 122 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 12-майы ПЖ № 122 Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90, 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 , 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча "Жол картасын" жүзөгө ашыруунун алкагында санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы активдүү өнүктүрүү, ошондой эле бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, биринчи кезекте мамлекеттик башкарууга заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү боюнча комплекстүү чаралар жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда санариптик трансформациялоонун учурдагы абалынын проблемалары болуп реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын жетишсиздиги жана мамлекеттик башкарууну жана социалдык-экономикалык чөйрөнү санариптик трансформациялоо процесстерин натыйжалуу координациялоонун жоктугу саналат. Санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү чогултуунун, эсепке алуунун жана талдоонун бирдиктүү системасын түзүү, бизнести текшерүүлөрдү аралыктан форматка өткөрүү, бюджеттик процессти жана эсепке алууну автоматташтыруу, санариптештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, республикада санариптик индустрияны тезинен өнүктүрүү, улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. 2023-жылдын 1-июнунан тартып министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин иштеп жаткан орун басарларынын бирине негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналган санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчинин орун басарынын ыйгарым укуктары жүктөлсүн:
- маалыматтык системаларды жана ресурстарды, анын ичинде санариптик экономиканын алкагында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча документтерди, техникалык тапшырмаларды жана деталдуу финансылык эсептерди даярдоо бөлүгүндө кеңири киргизүүнү караган санариптик трансформациялоонун ведомстволук программаларын иштеп чыгуу жана өз убагында ишке ашыруу;
- ведомстволордун ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, ачык маалыматтарды жана башка маалыматтарды Интернет тармагында, анын ичинде ачык маалыматтар порталында жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү;
- ведомстволук санариптик инфраструктуранын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле электрондук маалыматтарды жана документтерди коргоо.
4. (КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн;
- 2024-жылдын 1-апрелине чейин бизнес-коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттердин катышуусунда 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.
(КР Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2024 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"…Указ · 17.03.2025 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.09.2024 · № 265
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2024 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз…Постановление · 31.10.2023 · № 583 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын…Постановление · 08.05.2024 · № 225 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.09.2024 · № 265
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"…Указ · 17.03.2025 · № 91
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.