14-статья. Жаратылыш дүйнөсүнүн объекттерин илимий-изилдөө,
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · III Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июля 2016 года № 99
маданий-агартуучулук, тарбиялык, эстетикалык, ден-соолукту калыбына келтирүүчү, чыњдоочу максаттар үчүн жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин чөйрө түзүүчү касиеттерин пайдалануу
Жаратылыш чөйрөсүнөн жапайы өскөн өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн жана продуктуларын алуу жана албоо жолу менен жаратылыш дүйнөсүнүн объ- ектилерин илимий-изилдөө, маданий-агартуучулук, тарбиялык, эстетикалык, ден-соолукту калыбына келтирүү, чыњдоо максаттарында (ар кандай байкоо жүргүзүү, ченөө, сүрөткө тартуу ж.б. жолу менен) колдонууга, мындай пайдаланууга тыюу салынгандан сырткары учурларда, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилбесе жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучу- лардын укугу бузулбаса, анда жол берилет. Калктын массалык эс алуусун уюштуруу үчүн жана башка калыбына кел- тирүү, маданий-агартуучулук, тарбиялык, эстетикалык, ошондой эле ден-соолукту чындоо максаттарында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар- дын чектеринде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтер, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин дайыма пай- далануучулар, ошондой эле алар менен макулдашуу аркылуу башка ишкана- лар, мекемелер жана уюмдар жаратылыш ландшафтын жана жапайы өсүмдүктөр- дүн өсүп чыккан чөйрөсүн сактоону эске алуу менен жана улуттук жараты- лыш парктарынын, шаар сыртындагы, курорттук жана башка ден - соолукту калыбына келтирүүчү, чыњдоочу зоналардын архитектуралык көркүн жана санитардык талаптарын сактоо менен жашылдандырып – көрктөндүрүү жана калкты маданий турмуш - тиричилик жактан тейлөө боюнча иш чараларды жүргүзөт. Көчкүгө, кыртыштын эрозиясына, жээктин жуулушуна каршы күрөшүү үчүн кыртыш коргоо, кыртыш түптөө, суу сактоо жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин чөйрө түзүүчү башка касиетин пайдалануу, жерди рекультивациялоо, башка мелиорация иштери, эгерде Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарында белгиленген тартиптер аныкталуучу учурлардын тышкары, анда жаратылыш чөйрөсүнөн жапайы өскөн өсүмдүктөрдү албай туруп жүргүзүлөт. Жаратылыш чөйрөсүнөн жапайы өскөн өсүмдүктөрдү алуу менен (урукта- рын, мөмөлөрүн, тамырларын даярдоо аркылуу ж.б) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жогоруда көрсөтүлөн касиеттерин пайдалануу ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/435/st-14" title="14-статья - Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>