Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 12 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 „Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- облустук, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон мектеп окуучуларына, артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөргө, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификаттын ээлерине жана белгиленген окуучулардын мугалимдерине билим берүү чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн жетишкендиктери үчүн финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- облустун масштабында юбилейлик жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө;
- республикалык жана облустук маанидеги коомдук-маданий иш-чараларга катышууга.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө…Указ · 05.08.2022 · № 272
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021