Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 248 «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 22-июлу ПЖ № 248 "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында дипломатиялык сервис системасынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын уставын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 16-майындагы № 166 "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 26-июлунда № 65(3400) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 01.02.2023 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.09.2022 · № 500
- Указ Президента КР от 16 мая 2004 года УП №166 " О государственном предприятии дипломатического сервиса "Кыргыздипсервис"Указ · 16.05.2004 · № 166 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Указ Президента КР от 16 мая 2004 года УП №166 " О государственном предприятии дипломатического сервиса "Кыргыздипсервис"Указ · 16.05.2004 · № 166 · Күчүн жоготкон