Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Замирбек Тургунбаевич Жоошевдин кайрылуусуна байланыштуу «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН атынан КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ Замирбек Тургунбаевич Жоошевдин кайрылуусуна байланыштуу «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2021-жылдын 24-февралы Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Ж.А. Лобанованын, кайрылуучу тарап – Замирбек Тургунбаевич Жоошевдин; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Талант Ырысбекович Ырысбековдун, Акылай Сатаровна Алдашеванын; башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Медер Кенешович Жусуповдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Бакыт Абдыраевдин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Рысбек Карагулович Альчиевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
З.Т. Жоошевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат. Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 25-августунда «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Кайрылуунун мазмунунан келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгү менен Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөөгө тыюусалынган. Мында Конституциянын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарына ылайык эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес. Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек. Ошону менен бирге, «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренеси менен тартип орнотулган, ага ылайык коменданттык саат учурунда жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматчылары көчөдө же башка коомдук жерлерде, ошондой эле өз турак-жайынан тышкары жерде инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрү жана документтери жанында болууга милдеттүү.
З.Т. Жоошев көрсөтүлгөн тартипти бузган жактарга карата жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 28-беренеси менен каралган кесепеттер башталат, ага ылайык ушул Мыйзамдын 26-беренеси менен каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө каралат, кармалгандар жекече тинтүүгө, буюм - тайымдары жана транспорт каражаттары тинтилиши мүмкүн деп түшүндүрөт.
Арыздануучу талашылып жаткан ченем Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет дейт, себеби ыйгарым укуктуу органдарга соттун чечимисиз жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды 48 сааттан ашык мөөнөткө, тактап айтканда 72 саатка чейинки убакытка кармоого укугун берет жана кармалган учурдан тартып 48 сааттык мөөнөт өткөнгө чейин мындай кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн аларды сотко жеткирүү милдетин караштырган эмес. Анын пикири боюнча талашылып жаткан ченем Конституцияда каралгандан жогорку даражада адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укугун чектейт, себеби өзгөчө кырдаал мезгилинде адамды кармоо мөөнөтү 24 саатка көбөйүшү мүмкүн.
З.Т. Жоошев Конституция жана талашылып жаткан ченем ортосундагы карама-каршылыктардын бар экендиги 1998-жылдын 24-октябрында «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» конституциялык Мыйзам кабыл алынгандыгына, т.а. колдонуудагы Конституцияны кабыл алганга чейин, байланыштуудеп эсептейт.
Кайрылуу субъектиси Конституциянын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарында белгинген конституциялык кепилдиктер ар бир адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган, алар Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3-беренеси менен мамилеш болуп турат. Арыздануучу Конституциянын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди жазык айыбы боюнча камакка алынган же кармалган ар бир адамдын камалышынын/кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча сотко акылга сыяр мөөнөт ичинде соттук текшерүүнү өткөрүү же бошотулушу үчүн тез тартипте жеткирилүү укуктарынын кепилдиктерин жүзөгө ашырууга багытталган деп эсептейт. Көрсөтүлгөн кепилдиктер Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 9-беренесинин 3-бөлүгү менен караштырылган, Кыргыз Республикасы ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган. Кайрылуу субъектиси өзүнүн жүйөлөрүнө аргументтерди келтирүүдө Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 9-беренесине карата берилген Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин жалпы тартиптегиэскертүүлөргө шилтеме жасайт. Аталган комитет өзүнүн эскертүүлөрүндө адамдарды кармоо камакка алынган күндөн тартып бир нече күндөн ашпоо керек, мында сот угууларын даярдоо үчүн кармалган адамды тийиштүү органдарга жеткирүү үчүн 48 сааттык мезгил аралыгынын жетиштүүлүгүн көрсөткөн, жана көрсөтүлгөн адамдарды андан узак мөөнөткө кармоо ырайымсыз мамиле тобокелчилигин жогорулатат деп белгилеген. Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан беренени Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп табууну суранат. Судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы аныктамасы менен З.Т. Жоошевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Сот отурумунда арыздануучу өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы. Ырысбеков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен жарым-жартылай макул болуп, талашылып жаткан ченем өзгөчө абалдын режимин бузган адамды камакта кармоо мөөнөтүнө тийиштүү бөлүгүндө гана Конституцияга карама-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү М.К. Жусупов Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес деп белгилейт. Анын пикири боюнча башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген, камакта кармоонун белгилүү мөөнөтүн кошкондо, адам укуктарын жана эркиндиктерин кандай гана чектөө болбосун, ал 48 сааттан ашык болбош керек. Ушуга байланыштуу, ал талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Б. Абдыраев жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлүнүн көз карашынын аргументтерине окшош жүйөлөрдү келтиришти. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Р.К. Альчиев соттун чечимисиз камакта кармоо мөөнөтүнө тийиштүү эркиндикти чектөөнүн узактыгынын эл аралык-укуктук стандартын чагылдыруучу Конституциянын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболорунун чегине жеткен аныктыгын жана айкындыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу, анын пикири боюнча «Өзгөчө кырдаал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин тартипти бузган адамды үч суткага чейин кармоо мүмкүндүгүн белгилөөчү жобосу Конституцияга карама-каршы келет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын көз караштарын талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын төмөнкү мазмундагы 28-беренесисаналат: « 28-статья. Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө каралат, кармалгандар жекече тинтүүгө, буюм - тайымдары жана транспорт каражаттары тинтилиши мүмкүн». «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 1998-жылдын 24-октябрында №135 номур менен мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин тиркемесинде, «Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары» журналында 1998-жылы № 21 номур менен жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонулууда.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу, соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес, эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес (24-берененин 1, 3, 4-бөлүктөрү).
Адам укуктарынын жалпы декларациясынан (3-берене) жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынан (9-берене) келип чыккандай ар бир адамдын жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укугу ажыратылгыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн тартып таандык жана адамдын негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин катарына кирет. Кыйла маанилүү социалдык бакубаттуулук катары ушул укукту сактоону ырастоо эл аралык-укуктук таанылууга ээ болду, анысыз адамдын, коомдун жана мамлекеттин демократиялык, укуктук түзүлүшүнүн бедели жана баалуулугу мүмкүн эмес. Ушул укуктун өзүнүн маңызын жок кылынбашын болтурбоо үчүн адамдын жана жарандын башка конституциялык укуктары жана эркиндиктери менен катар түзүлүүчү Кыргыз Республикасында инсандын укуктук статусунун негиздери, эркиндик жана жеке кол тийгистик укуктук аныктык принциптеринин, зарылдык жана өлчөмдөштүк конституциялык критерийлеринин негизинде гана чектелгенде ушул конституциялык баалуулукту урматтоо жана коргоо адамдын жеке автономиясы чөйрөсүнө өз ыктыяры боюнча кийлигишүү мүмкүндүгүн алып салганга мүмкүндүк берет. Эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укукту талаптагыдай камсыз кылуу мыйзамда каралбаган негиздерде жана белгиленген мезгилдүү чектерден тышкары кармоодон, камакка жана кайтарууга алынуудан же эркиндиктен ажыратуунун башка формаларынан натыйжалуу коргоону болжойт. Жеке эркиндикти жана кол тийбестикти чектөө максатында колдонулуучу кандай гана мажбурлоочу чаралар болбосун, алар конституциялык жана эл аралык талаптарды жана стандарттарды сактоо менен гана жүзөгө ашырылуусу керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2017-жылдын 7-июнундагы өзүнүн Чечиминде адамдын негизги укугу катары эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктун маңызы - башка адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын сактап турган шарттарда анын эркине каршы ага өз ыктыяры боюнча таасир этүүнү болтурбоодо турат деп белгилеген. Адамга таасир этүүнүн чеги мындай таасир этүүнүн негиздерин, тартибин жана анын колдонулушун контролдоону мыйзамдарда бекитүү жолу менен мамлекет тарабынан аныкталат, ошондой эле кепилденет. Эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон конституциялык укукту чектөөнүн формаларынын бири болуп кармоо, башкача айтканда укук бузууну жасады деп шектелүүчү адамды эркинен кыска мөөнөткө ажыратуу саналат. Эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктун конституциялык-укуктук маанисинен адам мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте гана кармалышы мүмкүн деген келип чыгат.
3. Өзгөчө абал институтунун азыркы концепциясы улуттук мыйзамдарга эл аралык укуктук принциптер жана стандарттар түрүндө бир катар талаптарды коёт. Аларга өзгөчө коркунуч; расмий жарыялоо; өлчөмдөштүк (пропорционалдуулук); кодулабоо; «нотификациялоо (расмий билдирүү)»; абсолюттук укуктардын жана эркиндиктердин кол тийбестиги; укуктук тартип принциптерин киргизсе болот.
Жогоруда аталган бардык принциптер Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 4-беренесинде белгиленген, ага ылайык мамлекететги улуттун өмүрү коркунучта болуп жана ал жөнүндө расмий түрдө жарыяланган өзгөчө абалдын учурунда көрсөтүлгөн Пактта катышкан мамлекеттер абалдын оордугуна жараша өздөрүнүн көрсөтүлгөн милдеттерине төп келишпеген иш-чараларды колдоно алышат, бирок мында негизги шарт - бул иш-чаралары алардын эл аралык укук боюнча башка милдеттерине каршы чыкпашы керек жана өзүнүн артынан расасынын, терисинин өңүнө, жынысына, тилине, дининин жана социалдык келип чыгышынын негизинде кодулабоого алып келбөөгө тийиш. Өзгөчө абалдын регламенти – ал укуктук режимдин өзгөчө түрү болуп, экстраординалдуулугу, кырдаалга жараша болушу менен, укук чектөөчү мүнөздүүлүгү менен (колдонулуучу тыюу салуулардын, милдеттенмелердин, чектөөлөрдүн ж.б. жыйындысы менен), жарандардын жана уюмдардын статусун олуттуу тарытуу менен, бийликтин атайын органдарынын компетенциясын кеңейтүү менен айырмаланат. Өзгөчө абал мезгилиндеги укуктук жөнгө салууну экстремалдуу шарттарда коомдук турмуштун тартибинин жана уюшулуунун коопсуздугун жана калыбына келтирилишин камсыз кылуу максатында коомдук мамилелерге өзгөчө укуктук каражаттардын жардамы менен таасир этүү катары аныктаса болот, мында жалпы укуктук принциптердин жана ченемдердин колдонулушу чектелет же жокко чыгарылат. Ошентип, «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык өзгөчө абал - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара (1-статья). Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзгөчө абалды киргизүүнүн максаты ченемдүү укуктук жөнгө салуунун иштеши мүмкүн болбогон же татаалдашкан шарттарда аны кайтаруу үчүн шарттарды түзүү жана кармап туруу болуп саналат. Өзгөчө абал негизделген өтө зарылчылык кырдаалы аномия аймагын жаратат, ал жерде алардын бар болушу мамлекетти жылдырбай кармап жана кыйын кырдаалдарды ыкчам чечүү мүмкүндүгүнөн ажыраткан юридикалык чектер олуттуу түрүн өзгөрөт. Мындай чегинүү адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектелиши мүмкүндүгү жөнүндө конституциялык орнотмого да таянат (20-берененин 2-бөлүгү). Чынында, өзгөчө абал мезгилинде укуктук жөнгө салуу коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн пайда болгон коркунучтардан чыгуу үчүн негизделген өзгөчө чара болуп саналат. Өзгөчө укуктук жөнгө салуу өзгөчө чараларды пайдалануудан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн коомго келтирилүүчү чоң зыянды болтурбоо каражаты болуп саналат. Белгилүү чектөөлөрдү киргизүүнүн эсебинен коомдун тартибин жана коопсуздугун калыбына келтирүү мүмкүн боло баштайт. Өзгөчө укуктук жөнгө салууда коомдук мамилелерге укуктук таасир этүүнүн императивдүү башаттары өсө баштайт жана диспозитивдүү юридикалык ченемдердин колдонулуу чөйрөсү кыскара баштайт. Бул өзгөчө жагдайларда коомдук турмушта тартипсиздиктин жана башаламандыктын кооптуулук даражасынын өсүшү менен, мамлекеттик-укуктук институттардын башкаруучулук жана жөнгө салуучулук дареметинин азаюусу менен шартталган. Баяндалган жагдай өзгөчө абал мезгилинде соттук функцияларды толук максаттуу ишке ашырылуусу татаал болуп калганда, сот тутумунун ишине да белгилүү даражада тийиштүү. Ошону менен бирге, бул мамлекет жана укук мындай шарттарда натыйжалуу эмес жана ашыкча болуп калаарын билдирбейт. Тескерисинче, мамлекеттик-укуктук механизмдер жана каражаттар коомдун өзү катаал жагдайларда экстремалдуу окуяларга алы келбей калганда жана тышкы колдоого жана уюштурулууга муктаж болгондо, талап кылынуучулардын бири болуп калат. Ошентип, өзгөчө абал мезгилинде укуктук жөнгө салуу коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн пайда болгон коркунучтардан чыгуу үчүн негизделген өзгөчө чара болуп саналат. Ушул мезгил аралыгында укуктун иштеши өзүнүн негизинде демейдеги мыйзамдарды бузуу болуп саналат жана атүгүл укук бузуу катары эсептелиниши мүмкүн. Бирок өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттин мындай реакциясы коомдун тартибин жана коопсуздугун калыбына келтирүү үчүн негиз берет.
4. Өзгөчө абал шарттарында, биринчи кезекте, жүрүүгө болгон укукту жүзөгө ашырууда башкалардан айырмалуу чек киргизилет. Ошентип, «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесине ылайык коменданттык саат учурунда жарандарга, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларына инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөдө же башка коомдук жерлерде болууга, ошондой эле өз турак-жайынан тышкары жерде мындай документтерсиз жүрүүгө тыюу салынат.
Мында аталган Мыйзамдын 28-беренесине ылайык Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө каралат, кармалгандар жекече тинтүүгө, буюм - тайымдары жана транспорт каражаттары тинтилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн кармоо комендаттык сатты бузган адамдарга карата алардын ким экендигин аныктоого чейин колдонулуучу мажбурлоо чарасы болуп саналат да, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык жазалануучу жосун болуп саналат. Көрсөтүлгөн Кодекстин 82-1-беренесине ылайык өзгөчө же согуштук абал мезгилинде киргизилген коменданттык сааттын убагында атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана инсандыгын ырастаган документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жерлерде же болбосо турак жайдан тышкары жүрүү, - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. Бул кармоонун башкы процесстик касиети өзгөчө абалдын режимин бузулушун болтурбоодо, коменданттык сааттын бузулушун токтотууда, бузуучунун жоопкерчиликтен качуусун алдын алууда, анын ким экендиги аныктоодо, укук бузуунун жагдайларын билүүдө турат. Ошону менен бирге, «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренеси менен караштырылган кармоо ал коменданттык саатты гана бузууга байланыштуу эмес, чындап эле келтирилүүчү коркунучка карата зарыл жана өлчөмдөш болуу шартында, анын ичинде укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту кайтаруу, акыры жоопкерчиликке тартылуу жана бузуу жөнүндө ишти сотто адилеттүү териштирүү максатында кармалган адамдын эркиндигин чектөө убактысы боюнча мыйзамдуу болуп таанылышы мүмкүн. Мында көрсөтүлгөн иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары ушул жаза чарасы колдонулуп жаткан адамдардын эркиндигин ашыкча чектелишине жол бербеш керек жана кандай гана болбосун, аларды соттун чечимисиз 48 сааттан ашуун коомдон мажбурлап ажыратылууга конституциялык тыюуну карманышы керек. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген соттук контролдоо адамга 48 сааттан ашуун кармоо мөөнөтүн өз ыктыяры боюнча узартуудан гана эмес, аны колдонулушунун негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун калыс баалоо аркылуу мыйзамсыз кармоодон да коргоону кепилдөөгө чакырылган. Башка сөз менен айтканда, талашылып жаткан ченем тарабынан белгиленген кармоо мөөнөтү өзгөчө абалдын колдонулуу режиминин аракеттерин актоо үчүн кызмат кыла албайт, себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык анда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес (20-берененин 3-бөлүгү). Адамдын, жарандын укуктарына жана эркиндиктерине чектөөлөрдү киргизүүнүн конституциялык эрежелери өзгөчө абалдын колдонулуудагы режиминде да колдонулуш керек. Бардык адамдар кармоонун мыйзамдуулугун талашуу үчүн дагы калыс жана натыйжалуу сот адилеттигине жүргүзгөн сотуна жетишкендей болуу керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 4-бөлүгүндө түптөлгөн эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эместиги жөнүндө конституциялык кепилдик тармактык юридикалык мүнөздөмөлөргө жана максаттуу багыттамаларга карабастан эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укукту мүмкүн болуучу мыйзамдардагы чектөөлөрдүн негиздерин жана чектерин, эгер аларды колдонуунун иш жүзүндөгү натыйжасы эркиндиктен кыска убакытка ажыратуу (кармоо) болсо, ал аны алдын ала аныктайт. Демек, эркиндиктин жана жеке кол тийбестиктин, анын ичинде соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эместигинин кепилдиги болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эл аралык укуктун ченемдеринде бекитилгенден тышкары кандай гана чегинүү болбосун, ал эмне менен гана аргументтелбесин жана кандай гана формаларда болбосун, жол берилбейт. Ошентип, «Өзгөчө кырдаал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин ушул эле конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген жанында документтери жок адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат деген диспозициясы соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө жеке жактардын кармалышына жол берген жана мындай кармоонун мыйзамдуулугуна соттук контролдоону караштырбаган бөлүктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарына ылайык келбейт. Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И
1. «Өзгөчө кырдаал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесин соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө жеке жактардын кармалышына жол берген жана мындай кармоонун мыйзамдуулугуна соттук контролдоону караштырбаган бөлүктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарына карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнө ылайык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (4)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года №1406-XII "О присоединении Кыргызской Республики к международным договорам по правам человека"Постановление · 12.01.1994 · № 1406
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- МЕЖДУНАРОДНЫЙ ПАКТ о гражданских и политических правах (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1406-XII)Пакт · 16.12.1966
- Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 27.01.2014 · № 16
- Адам укуктарынын ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган )Декларация · 10.12.1948
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон