Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин «Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө» токтому
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 29/5 Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамдын 4-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө» 2013-жыл 13-сентябрдагы № 515 токтомунун негизинде жайыт жеринен «Нур Телеком ООО» станциясына бөлүнүп берген жердин келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановдун маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясына бөлүнүп берилген жердин келишиминин мөөнөтү 2022-жылдын 1-декабрына чейин узартылсын.
2. «Нур Телеком ООО» станциясы курулуп ишке кирген күндөн баштап жайыт комитетинин өздүк эсебине ай сайын 6000 (алты миӊ) сом өлчөмүндө акча каражаты которулуп берилсин.
3. Келишимдин негизинде иш алып барууга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Т.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага
Р. Базаркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон