28-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын жана башка жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · VI Бөлүм
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар почта байланышы ишканаларынын алдында башка почта жөнөтмөлөрүнө же аларды иштетип жаткан кызматкерлерге, аталган пайдалануучулар тарабынан почта жөнөтмөлөрүнө тыюу салынган буюмдарды салуунун же жөнөтүлө турган салууларды туура эмес таңгактоонун натыйжасында зыян келтирилсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканалары жөнөтүүчүлөрдүн же салуучулардын алдында аларга келтирилген зыяндын өлчөмүндө жоопкерчилик тартышат. Ошондой эле:
- ишкана, мекеме, уюмдардын транспорт каражаттары менен почта ташылган учурда алардын күнөөсү боюнча почта жөнөтмөлөрү жолдо кечиктирилсе - почта байланышы ишканалары менен түзүлгөн макулдашууларда (келишимдерде) аныкталган өлчөмүндө; почта жөнөтмөлөрүндөгү салуулардын бир бөлүгү кемип калса же бузулса, же алар жоголсо - почта байланышы ишканалары жөнөтүүчүлөрдүн же алуучулардын алдында аларга келтирилген зыяндын өлчөмүндө;
- ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар, эгерде алардын аракеттеринин натыйжасында почта жөнөтмөлөрү бузулса - алар почта байланышы ишканалары жөнөтүүчүлөрдүн же алуучулардын алдында келтирилген зыяндын өлчөмүндө жоопкерчилик тартышат.
Почта ящиктерин, абоненттик почта шкафтарын, таяныч пункттардын почта шкафтарын бузган, почта жөнөтмөлөрүн уурдаган, жок кылган же бузган адамдар, ошондой эле почта ишканаларынын каражаттарына, мүлкүнө жана башка жабдууларына зыян келтирген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик таратышат. Жеке жана юридикалык жактар курулуш жана башка жумуштарды аткарууда почта байланышынын имараттары менен каражаттарына зыян келтирсе, келтирилген зыяндын өлчөмүндө жоопкерчилик тартышат; почта байланышы ишканаларынын өндүрүштүк иш-аракети токтоп калса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-28" title="28-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>