2-берене. Аныктамалар
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · I Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамда терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: абоненттик почта шкафы - көп кабаттуу турак үйдүн подъездинде (вестибюлунда, тамбурунда), ошондой эле айыл жерлериндеги жеткирүүчү участокто алуучулар почта жөнөтмөлөрүн алып туруу үчүн орнотулган ящиктери бар атайын шкаф; абоненттик почта ящиги - абоненттер (алуучулар) тарабынан мекеме менен уюмдардын вестибюлдарында, көп кабаттуу турак үйлөрдүн подъезддеринде, же менчик үйлөрдө почточуларга ыңгайлуу жерлерге почта жөнөтмөлөрү менен мезгилдүү басма сөздү жеткирип жана салып коюу үчүн орнотулган атайын ящиктер; почталык акы төлөөнүн мамлекеттик белгилери - почта жөнөтмөлөрүнө почта кызматынын акысы төлөнгөндүгүн аныктаган почта маркалары жана коюлуучу башка белгилер; мамлекеттик фельдегердик байланыш - өкмөттүк почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу, жеткирүү; энчилүү буюм - документтер менен почта жөнөтмөлөрүнө почта байланышы объектисинин аталышын, почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу жана жеткирүү датасын белгилеген эн-тамгаларды кое турган аспап; эл аралык почта байланышы - ар кандай мамлекеттердин юрисдикциясындагы почта байланышы ишканаларынын ортосунда почта жөнөтмөлөрүн алмашуу; эл аралык алмашуу жайы - келүүчү жана жөнөтүлүүчү эл аралык почта жөнөтмөлөрүн толук иштетүү, ошондой эле аларды дареги боюнча жөнөтүү үчүн бөлүнгөн почта байланышы ишканалары; почта байланышынын оператору - почта байланышы тармагын эксплуатациялоочу жана почта байланышы кызматын көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак; почта байланышынын объектилери - почтамттар, темир жол почтамттары, темир жол станцияларындагы, аэропорттордогу почта ташуу бөлүмдөрү, почта алмашуу пункттары, почта байланышы ишканалары жана түйүндөрү, почта байланышы бөлүмдөрү жана пункттары ж.б.; почта байланышы - почта жөнөтмөлөрүн, ошондой эле акча каражаттарынын почталык котормолорун кабыл алуу, иштетүү, ташуу, жеткирүү жана тапшыруу; почта жөнөтмөлөрү - өлкө ичинде, ошондой эле анын чегинен сырткары ташуу жана тапшыруу үчүн почта операторлоруна берилген каттар, почта карточкалары, бандеролдор жана майда пакеттер, аманаттар, почта контейнерлери, тийиштүү түрдө таңгакталган басылмалар; кат кабарлар - электрондук жана/же кагаз түрүндөгү катталбаган жана катталуучу каттар, почта карточкалары, бандеролдор, майда пакеттер жана секограммалар (көзү азиздер үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтмөлөрү; почта байланышы ишканалары - почта байланышы кызматын көрсөтүүчү юридикалык жактар; почта индекси - почта жөнөтмөлөрүн кабыл алууну жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу почта байланышы объектисине ыйгарылган почта дарегин шарттуу түрдө цифралык белгилөө; почта маршруту - почта транспортунун эки же андан көп тейленүүчү почта байланышы пункттарынын же почта алмаштыруу пункттарынын аралыгындагы жол каттамы; почта ящиги - катталбай турган каттарды жана почта карточкаларын жыйнап алууга арналган атайын формадагы жана өлчөмдөгү ящик; жеке контейнерлер - жөнөтүүчүнүн пломбасы (мөөрү) коюлган контейнерлер, мындай контейнерлер почта байланышы ишканаларында алуучу тарабынан ачылат; басылмаларды таркатуу - басылмаларга жазылууну кабыл алуу, басылмаларга заказдарды иштетүү, басылмаларды жазылганы жана чекене баа боюнча жөнөтүү, ташуу жана жеткирүү; почта байланышы тармагы - почта байланышынын бирдиктүү тутумун түзгөн почта байланышы ишканаларынын, объектилеринин жана почта маршруттарынын жыйындысы; почта байланышы каражаттары - почта байланышы кызматтарын тейлөөдө пайдаланыла турган почта байланышынын жабдуулары жана транспорту; атайын байланыш - мамлекеттик бийлик органдарынын, мекемелердин, ишканалардын, жеке жана юридикалык жактардын атайын почта жөнөтмөлөрүн байланыш ишканаларынын Уставдарында көрсөтүлгөн өзгөчө шарттарга ылайык кабыл алуу жана жеткирүү; камсыздандырылган жөнөтмөлөр - баалуу почта жөнөтмөлөрү (каттар, бандеролдор, аманаттар, жөнөтүүчүнүн пломбасы (мөөрү) коюлган жеке контейнерлер), ошондой эле кадимки (бааланбаган салуулар) аманаттар жана жеке контейнерлер; байланыш купуялыгы - кат-кабар алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык жана башка кабарлардын купуялыгы; почта байланышынын кызматтары - почта жөнөтмөлөрүн, акча каражаттарынын почта жана телеграфтык котормолорун кабыл алуу, иштетүү, жөнөтүү жана жеткирүү, пенсия, жөлөкпулдарды төлөп берүү иш-аракетин жүзөгө ашыруу жана почта байланышы ишканаларынын келишимдик негиздеги көрсөтө турган башка кызматтары; универсалдуу почта байланышы кызматы - пайдалануучуга өлкөнүн аймагында жалпыга жеткиликтүү тарифтер боюнча көрсөтүлүүчү почта байланышынын эң зарыл (кат-кабар жөнөтмөлөрү) кызматы; адресат - почта жөнөтмөсү, акча каражаттарын почта аркылуу которуу, телеграфтык же башка билдирүү даректелген жаран же уюм; почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын даректик маалыматтары - жарандар жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги); почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар - почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар; бонд (бажы) кампасы - почта байланышынын дайындалган операторунун базасында уюштурулган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларды бажылык тариздөөсүз жана салыктарды, бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөбөстөн, сатып алуучу сатып алганга чейинки сактоо мөөнөтүнө товарларга лицензияны жана квотаны белгилебестен сактоого жана бөлүштүрүүгө арналган кампа; почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларына ылайык почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуучу почта байланышынын ишканасы. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-2" title="2-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>