1-берене. Почта байланышы тармагындагы иш-аракеттердин принциптери
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · I Бөлүм
Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагындагы иш-аракеттер төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдерине туура келүү;
- почта байланышы кызматын атаандаштыктын, жекече ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде тейлөө көрсөтүү;
- мамлекеттин почта байланышы тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана почта байланышы ишканалары менен операторлорунун иш-аракеттерин жөнгө салуу функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана почта байланышы кызматтарын тейлөө функцияларынан ажыратуу;
- почта байланышы кызматынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
- почта байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү;
- почта байланышы тармактары менен кызматтарынан бардык жеке жана юридикалык жактардын бирдей пайдалануусу;
- почта байланышы ишканаларынын пайдалануучулардын маалыматтарынын купуялуулугун сактоо;
- почта байланышы кызматынан пайдалануучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында болгон бирдиктүү почта аймагынын алкагындагы почта байланышынын иш-аракеттерин жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта байланышы тармагындагы стандарттардын, ошондой эле техникалык жана экономикалык саясаттын башка талаптарынын бирдейлиги;
- өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укук тартибин сактоо жаатындагы милдеттерди аткаруу үчүн почта байланышы тармактарынан пайдаланууга жолдун ачыктыгы.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2015 года № 394 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О почтовой связи"Постановление · 22.06.2015 · № 394 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №165 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"…Постановление · 10.03.2009 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы №248 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.05.2008 · № 248 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-1" title="1-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>