15-берене. Почта байланышынын менчиги
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Кыргыз Республикасында почта байланышы каражаттары мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчикте болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларына алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан республиканын аймагында почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди уюштурууга жана жүзөгө ашырууга керектүү болгон жер участкалары, өндүрүштүк жана башка имараттар, аларга келүүчү жолдор, байланыш каражаттары, транспорт жана башка мүлктөр, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар менчикке, ижарага, чарба жүргүзүүгө же оперативдик башкаруу үчүн берилет. Почта тармактары, почта маршруттарынан башка, юридикалык жактарга мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчик укуктарынын негизинде таандык болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик менчиктеги почта байланышы ишканаларынын мүлктөрү аталган ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдик башкаруу укуктарынын негизинде таандык. Почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында почта байланышы ишканалары жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрүн келишимдик негизде пайдалана алат. (КР 2008-жылдын 4-августундагы N 186, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 186 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О почтовой связи"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Почта байланышынын менчиги
Кыргыз Республикасында почта байланышы каражаттары мамлекеттик,
коммуналдык, жеке жана бөлөк менчикте болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишкана-
ларына алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө ка-
рабастан республиканын аймагында почта байланышы кызматтарын көрсөтүү
боюнча иш-аракеттерди уюштурууга жана жүзөгө ашырууга керектүү болгон
жер участкалары, өндүрүштүк жана башка имараттар, аларга келүүчү жол-
дор, байланыш каражаттары, транспорт жана башка мүлктөр, мүлктүк жана
мүлктүк эмес укуктар менчикке, ижарага, чарба жүргүзүүгө же оперативдик
башкаруу үчүн берилет.
Почта тармактары, почта маршруттарынан башка, юридикалык жактарга
мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчик укуктарынын негизинде
таандык болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы тарма-
гындагы мамлекеттик башкаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик мен-
чиктеги почта байланышы ишканаларынын мүлктөрү аталган ишканаларга чар-
ба жүргүзүү же оперативдик башкаруу укуктарынын негизинде таандык.
Почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө
ашыруу максатында почта байланышы ишканалары жеке жана юридикалык жак-
тардын мүлктөрүн келишимдик негизде пайдалана алат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 186 Мыйзамы-
нын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-15" title="15-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>