14-берене. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен гарантияланат. Почта байланышы ишканаларында эмгектенген адамдар ушул сырдын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугун бузууга жана кат-кабарлардын же башка почта жөнөтмөлөрүнүн мазмунун элге таратууга тыюу салынат. Почта жөнөтмөлөрү тууралу маалымат, ошондой эле ушул жөнөтмөлөрдүн өзү (билдирүүлөр) жөнөтүүчүгө жана алуучуга (адресатка) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана берилиши мүмкүн. Кылмыштарды ачуу жана тергөө жүрүп жаткан кылмыш иштеринин чындыгын аныктоо максатында почта байланышы операторлору тергөө органдарына жана сотко буюм далилдери катары каралган почта жөнөтмөлөрүн жана зарылдыгы бар документтерди берүүгө милдеттүү. Почта байланышы объекттеринен почта жөнөтмөлөрүнө камак салуу жана аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Өндүрүштүк документтерди алуу Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамы белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнөн жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдарды (курал-жарак, уулуу, оңой күйүүчү заттарды ж.б.) белгиленген тартипте алып салууга укуктуу. Эгерде почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун даректери жок болгондугуна байланыштуу жеткирүүгө же кайра жөнөтүүгө мүмкүндүк болбосо почта байланышы ишканалары аларды ачууга укуктуу. Алуучулары табылбаган почта жөнөтмөлөрүн ачуунун, ошондой эле жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдар менен почта жөнөтмөлөрүн алып коюунун тартиби почтанын ченемдик актылары менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иш-чаралары чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, почта кат-кабарларын жана документтик билдирүүлөрдү ачууга жана карап чыгууга, алар жөнүндө зарыл маалымдамаларды алууга тыюу салынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу
Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен гаранти-
яланат.
Почта байланышы ишканаларында эмгектенген адамдар ушул сырдын сак-
талышын камсыз кылууга милдеттүү. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугун
бузууга жана кат-кабарлардын же башка почта жөнөтмөлөрүнүн мазмунун эл-
ге таратууга тыюу салынат.
Почта жөнөтмөлөрү тууралу маалымат, ошондой эле ушул жөнөтмөлөрдүн
өзү (билдирүүлөр) жөнөтүүчүгө жана алуучуга (адресатка) же алардын мый-
замдуу өкүлдөрүнө гана берилиши мүмкүн.
Кылмыштарды ачуу жана тергөө жүрүп жаткан кылмыш иштеринин чынды-
гын аныктоо максатында почта байланышы операторлору тергөө органдарына
жана сотко буюм далилдери катары каралган почта жөнөтмөлөрүн жана за-
рылдыгы бар документтерди берүүгө милдеттүү. Почта байланышы объектиле-
ринен почта жөнөтмөлөрүнө камак салуу жана аны алуу мыйзамга ылайык
прокурордун санкциясы болгон учурда гана жүргүзүлөт.
Өндүрүштүк документтерди алуу Кыргыз Республикасынын жазык-про-
цесстик мыйзамы белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнөн жөнөтүүгө тыюу са-
лынган буюмдарды (курал-жарак, уулуу, оњой күйүүчү заттарды ж.б.) бел-
гиленген тартипте алып салууга укуктуу. Эгерде почта жөнөтмөлөрүн
жөнөтүүчүнүн жана алуучунун даректери жок болгондугуна байланыштуу жет-
кирүүгө же кайра жөнөтүүгө мүмкүндүк болбосо почта байланышы ишканалары
аларды ачууга укуктуу. Алуучулары табылбаган почта жөнөтмөлөрүн ачуу-
нун, ошондой эле жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдар менен почта
жөнөтмөлөрүн алып коюунун тартиби почтанын ченемдик актылары менен
жөнгө салынат.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-14" title="14-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>