Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
“Чүй облусунун өнүктүрүү фонду” аркылуукаржыланган “Долбоордук табыштамалардын сынагы жөнүндө” Чүй облусунун өнүктүрүү фондунункатын кароо жөнүндө
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кайынды шаардык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2019-жылдын 12-ноябры №111/XXXIII-3 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 147а“Чүй облусунун өнүктүрүү фонду” аркылуукаржыланган “Долбоордук табыштамалардын сынагы жөнүндө” Чүй облусунун өнүктүрүү фондунункатын кароо жөнүндө “Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун” 2019-жылдын 23-сентябрындагы №147а катын карап чыгып, сынакка катышуу шарттарын изилдеп, 2016-жылдын 22-декабрындагы №212 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2019-жылдын январь айынан баштап “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коому накталай эмес төлөмгө өтүп кеткендигине байланыштуу, мэриянын бюджетинин киреше бөлүгү 19,1 млн. сомго азайып, 2019-жылдын бюджетинин тартыштыгына алып келгендигин эске алып, “Кайыңды шаарынын аймагындагы Панфиловка - м/с Чалдыбар автотрассасын бойлото ВЛ-04 кВ сырткы жарыктандырууну орнотуу боюнча” долборун ишке ашыруу мүмкүн болбогондуктан, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кайыңды шаарынын аймагындагы Панфиловка - м/с Чалдыбар автотрассын бойлото ВЛ-04 кВ сырткы жарыктандыруу орнотуу боюнча” доолбоорго Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен 590000 (беш жүз токсон миң) сом кошмо каржылоого макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясына “Кайыңды шаарынын аймагындагы Панфиловка - м/с Чалдыбар автотрассасын бойлото ВЛ-04 кВ сырткы жарыктандыруу орнотуу боюнча” долбордун калган суммасын каржылоого тийиштүү документтерди даярдоосу жана “Чуй облусунун өнүктүрүү фонду” аркылуу каржыланган сынакка катышуу үчүн өтүнмөнү өз убагында тапшыруусу көрсөтүлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
У.Б.Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 212 · Күчүн жоготкон