Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 221 «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 8-июлу ПЖ № 221 Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында транспорттук-логистикалык интеграция жана өлкөнүн транспорттук обочолонуу маселесин чечүү өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири деп каралган. Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасын киргизүү максатында токтом кылам:
1. Транзиттик коридорлорду өнүктүрүүнүн негизги багыттары өткөрүү пункттарын жана транзиттик товарларды кайра жүктөө жана жайгаштыруу жерлерин модернизациялоо, ошондой эле транзиттик товарларды ташууга таасирин тийгизген процесстерди санариптештирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын ташууну тездетүү, эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү болуп саналат деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасын киргизүү үчүн жооптуу органдар болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
а) аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана санариптик жашыл транзиттик коридорлорду камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү ыйгарым укуктарына кирген уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын бириктирүүнү караган Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун киргизүү системасынын комплекстүү программасын иштеп чыксын жана эки айлык мөөнөттө бекитсин;
б) 2022-жылдын 31-августуна чейин санариптик жашыл транзиттик коридорлор аркылуу өткөрүү режимин ишке ашыруучу өткөрүү пункттарынын тизмесин, өткөрүү пункттарын жана транспорт каражаттарын санариптик жашыл транзиттик коридорлор аркылуу өткөрүү режимин камсыз кылуучу адистештирилген техникалык каражаттар жана түзүлүштөр менен жабдууга карата талаптарды аныктасын;
в) 2022-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуу системасын киргизүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун киргизүү системасынын комплекстүү программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды белгиленген тартипте бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар төмөнкүлөрдү берсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасынын адистештирилген техникалык каражаттарын жайгаштыруу үчүн жерлерди;
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасынын алкагында маалымат чогултуу жана жайылтуу үчүн бар болгон техникалык түзүлүштөрдү жана байланыш каналдарын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 565-т (Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду…Распоряжение · 19.10.2022 · № 565-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон