Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 150 «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 13-майы ПЖ № 150
Пляж аймактарына кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө (КР Президентинин 2023-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 153, 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 185 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Ысык-Көлдүн табияты Кыргызстандын азыркы жана келечектеги муундары үчүн таберик энчи болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан көптөгөн курорттук-рекреациялык объекттер (санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар) ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу пляж аймактарына кирүүнү чектеп жатат. Ошол эле учурда "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомунун пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу бөлүгүндөгү талаптары көп учурларда эске алынбай калууда. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун бузуулар коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып жатат. Пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерди болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам: (КР Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 185 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Пляж аймактарына кирүүгө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 185 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. 2022-жылдын 1-июлунан тартып:
- жогоруда аталган жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынсын;
- тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүү камсыз кылынсын;
- менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилсин;
- тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына кирүүгө чектөө коюу фактыларына бөгөт коюу жана болтурбоо боюнча комплекстүү чаралар көрүлсүн;
- курорттук-рекреациялык объекттердин аймагында коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп турсун;
- төмөнкүлөр камсыз кылынсын:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жогоруда аталган жоболорун, ошондой эле ушул Жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тарткан ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин белгиленген тартипте бузуу; Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарында жалпыга жеткиликтүү пляж аймактарын уюштуруу. (КР Президентинин 2023-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 153, 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 185 Жарлыгынын редакциясына ылайык) 3 Ушул Жарлыктын 2-пунктун аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын объекттерин куруунун, абаттоонун, техникалык эксплуатациялоонун жана күтүүнүн эрежелеринин жаңы редакциясын иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 токтому менен бекитилген) Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо…Правила · 02.10.2007 · № 445
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында…Постановление · 21.11.2022 · № 652
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу…Указ · 13.06.2023 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 185 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы N 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу…Указ · 09.09.2023 · № 185
- Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилдиУказ · 14.06.2023
- 2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилдиУказ · 09.08.2023
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттердн куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана…Постановление · 02.10.2007 · № 445
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.