Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 61 Жарлыгына)
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 307, 2026-жылдын 31-январындагы № 26, 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын системасында административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) ротациялоонун шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын системасында кызматчыларды которуу же жылдыруу. Ротациялоо кызматчы которулуп же жылдырылып жаткан кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келүү шартында жүргүзүлөт.
Ротациялоо - бир кызматчыны бош кызмат ордуна которууда же жылдырууда; бир нече кызматчыларды которулуп же жылдырылып жаткан кызматчылардын кызмат орундарына которууда же жылдырууда жүргүзүлөт.
3. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) кызматчылардын дараметин туура пайдалануу;
3) карьералык мотивациясын жогорулатуу;
4) бош кызмат ордун ээлөө;
5) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын кооптуулугун төмөндөтүү.
4. Ротациялоонун түрлөрү:
1) мамлекеттик органдын ичинде;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичинде;
3) мамлекеттик органдардын ортосунда;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыны же муниципалдык кызматчыны "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик кызматтын башка түрүнө ротациялоого мамлекеттик кызматтын тийиштүү түрлөрүнө кирүү жана өтөө тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келүүсүн эсепке алуу менен жол берилет.
2. Ротациялоонун тартиби
5. Ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин демилгеси же кызматчынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
Ушул Жободо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси деп кызматчыларды кызмат орундарына дайындоого жана ээлеген кызмат орундарынан бошотууга укугу бap ыйгарым укуктуу кызмат адамы түшүнүлөт. Кызматчы аны ротациялоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын кооптуулугун азайтуу максатында жүргүзүлгөн, ошондой эле ротациялоо кызматчынын өзүнүн демилгеси менен ишке ашырылган учурлардан тышкары, кызматчы акыркы кызмат ордун бир жылдан кем эмес ээлеп турган шартта ротациялоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтеги административдик кызмат ордуна дайындалган кызматчыны кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын кооптуулугун азайтуу максатында ротациялоо учурларынан тышкары, ээлеген кызмат ордунда кеминде бир жыл иштегенден кийин ротациялоого жол берилет. (КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөө документи) менен жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик органдардын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо тиешелүү түрдө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу (башка тескөө документи) менен жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик орган менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу (башка тескөө документи) менен жүзөгө ашырылат.
9. Биргелешкен буйруктун (башка тескөө документинин) долбоору ушул ротациялоонун демилгечиси болгон мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан даярдалат.
Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызмат орундарына (же кызмат орундарынан) ротациялоо дайындоону ишке ашырып жаткан кызмат адамдарынын ортосундагы макулдашылган каттын негизинде жүргүзүлөт, андан кийин алардын ар бири тийиштүү чечимдерди чыгарат.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (аким) же шаардын мэри тарабынан кызмат орундарына дайындалуучу кызматчыларды ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү макулдугу (же демилгеси боюнча) менен жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчыларды жана патронаттык кызматтарды ээлеген кызматчыларды, ээлөөсү кадрлар резервинен дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу административдик кызмат орундарына ротациялоо, бул кызматчы ээлеген кызмат ордун бир жылдан кем эмес ээлеген шартта жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Ротациялоо теңдеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде жүргүзүлөт.
Бир топтогу кызмат орундарынын чегинде теңдеш же жогору турган кызмат ордуна ротациялоодо кызматчыга ротациялоо ишке ашырылып жаткан кызмат орду үчүн аныкталган эмгек акы төлөө шарттарына ылайык эмгек акы белгиленет. Төмөн турган кызмат ордуна ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.
Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө жана эмгек акы төлөөнүн шарттарынын жакшырышына байланыштуу уюштуруу түзүмү өзгөргөнгө чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. Мекемени кайра уюштуруу максаттары, функциялары жана милдеттери өзгөртүлгөн түзүмдүк бөлүмдөргө таасир этет. (Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) (КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 307, 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
13. Ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын келип чыгуу кооптуулугун төмөндөтүү максатында ротациялоо учурларынан тышкары, кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
Кызматчыга ротациялоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберилет. Кызматчы билдирүүнү алган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде ротациялоо жүргүзүүгө макулдугун же ротациялоодон баш тарта тургандыгын жазуу жүзүндө билдирет. Кызматчы ротациялоо тартибинде которуудан баш тарткан учурда, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын келип чыгуу кооптуулугун төмөндөтүү максатында кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
14. Коррупциянын келип чыгуу кооптуулугун төмөндөтүү максатында жүргүзүлгөн ротациялоо 2 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
Коррупциянын келип чыгуу кооптуулугу болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
15. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу максатындагы ротациялоо мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана кызыкчылыктардын кагылышуусу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүнүн алкагында жүргүзүлөт.
16. Ротациялоону жүргүзүүдө кызматчыга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары тарабынан каралган социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берилет.
Кызматчыны башка мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ротациялоодо ротациялоону ишке ашырып жаткан мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кызматчыга бериле турган сумма (акыркы эсеп-кысабы), анын ичинде жумуш жылында иштеген бөлүгүнө пропорциопалдуу, пайдаланылбай калган эмгек өргүү үчүн акчалай компенсация, ден соолукту чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөнөт. Кызматчы башка мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан которулган учурда кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча жаңы иштеген жеринде 11 ай өткөнгө чейин эмгек өргүү берилиши мүмкүн.
17. Кызматчынын ден соолугунун абалына туура келбеген кызмат ордуна аны ротациялоого тыюу салынат, бул туура келбеген көрсөткүчтөр милдеттүү түрдө документ түрүндө ырасталышы керек.
18. Ушул Жобонун 14-пунктунда каралган ротациялоону жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Ротациялоо планын бекитет, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) ротациялоо пландалып жаткан кызмат орундарынын тизмеги;
2) ротациялоо тартибинде которула турган кызматчылардын тизмеси;
3) ротациялоонун негизи;
4) ротациялоо жүргүзүүнүн мөөнөтү.
Ротациялоо планынын формасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат. Персоналды башкаруу кызматы же болсо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам кызматчыга 7 жумуш күндүн ичинде Кызматчыларды ротациялоо планына аны киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберет.
19. Пландан тышкаркы ротациялоо ушул Жободо, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону…Указ · 24.02.2022 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 31.01.2026 · № 26
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 04-ноябрындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 04.10.2023 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагысынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 601 "Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 13.09.2022 · № 601