Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2023-жылдын 04-ноябрындагы № 1
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023 – жылдын 3 мартындагы № 115 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер бар болгон иштердин жана кырдаалдардын тизмесин (мындан ары – Тизме), тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин системасында коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын бекитилген Тизмени жетекчиликке алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери болгон коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, коррупцияга каршы укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана баш ийген бөлүнүштө коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурларды жана кырдаалдарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигинин адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүнө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” жобону 14-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген коррупциялык тобокелдикке көбүрөөк дуушар болгон түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана кызматкерлерин ротациялоону жүргүзүү.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуусуна Тизмени ведомстволук сайтка жайгаштырсын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн жөнөтсүн:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине – ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына-маалымат үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер Кеңешке – маалымат үчүн.
6. Документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөл укугун өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин mlsp.gov.kg расмий сайтында 2023-жылдын 11-ноябрында жарыяланды.
Министр
Г.М. Баатырова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (Тиркеме Кыргыз…Перечень · 04.10.2023 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 6-сентябры № 210 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 06.09.2026 · № 210
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын…Положение · 24.02.2022 · № 61