Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 24-ноябры ПЖ № 532 Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269, 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Суу жана жер ресурстарын башкаруу, коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо 1- тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин курамы 2- тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыгын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары. Улуттук кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); (Абзац КР Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Бассейндик кеңеш жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 193 токтомуна)Типовое положение · 06.04.2023 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына 2021-жылдын 24 ноябрындагы №532 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө"…Положение · 24.11.2021 · № 532
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча…Указ · 09.02.2026 · № 31
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча…Указ · 19.09.2024 · № 269
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча…Указ · 19.09.2024 · № 269
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.