Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 „Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 9-февралы № 31 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 10, 20 жана 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.»;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.»;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын жактыруу жана аны 5 жылда кеминде бир жолу кайра кароо. Зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;
- бассейндик пландардын долбоорлорун жактыруу жана аларды ар бир 5 жыл сайын кайра кароо;
- суу мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш жөнүндө ар жылдык отчетту бекитүү;».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына 2021-жылдын 24 ноябрындагы №532 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө"…Положение · 24.11.2021 · № 532
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.11.2021 · № 532
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.11.2021 · № 532
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021