Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 412 «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 30-сентябры ПЖ № 412 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө Элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Тиркелген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2021-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууну финансылык камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка институттары менен өз ара аракеттенип, Концепциянын негизги жоболору жөнүндө калкка, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, диний бирикмелерге, дин кызматкерлерине, эл аралык уюмдарга кеңири маалымдоону камсыз кылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 04.09.2023 · № 513-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19-т (2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча…Распоряжение · 20.01.2022 · № 19-р
- 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 30.09.2021 · № 412
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 363 "Ислам академиясы" мекемесин түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2023 · № 363
- КР Минитсрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде диний маданиятты жогорулатуу чөйрөсүндөгү" ТескемесиРаспоряжение · 02.02.2022 · № 73
- Ак-Татыр айылдык кеңшинин 2024-жылдын 31-январындагы №6 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2024 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-сентябрынан 2025-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 28.08.2024 · № 514-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы №19-т тескемесиРаспоряжение · 20.01.2022 · № 19-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндоЗакон · 31.12.2008 · № 282 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын…Распоряжение · 04.09.2023 · № 513-р · Күчүн жоготкон