Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Минитсрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде диний маданиятты жогорулатуу чөйрөсүндөгү» Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 2-февралы № 73 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жана 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыктарын көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде диний маданиятты жогорулатуу чөйрөсүндөгү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө:
- аталган чөйрөдө педагогдорду даярдоону жүзөгө ашырган жогорку окуу жайларынын артыкчылыктуу тизмесин аныктоо максатында мектеп курагындагы балдарды диний маданиятка окутуу үчүн мугалимдерди тандоо критерийлерин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине киргизсин;
- Кыргыз Республикасында руханий жана диний билим берүү маселелерин жөнгө салууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып республиканын жалпы билим берүү мектептеринин 9-класстарынын окуучуларын окутуу программасына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагын киргизсин;
- 2023-жылы республиканын жалпы билим берүү мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхын окутуу боюнча окуу китептеринин долбоорлорун, программаларды жана стандарттарды иштеп чыксын.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча) аныкталсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде диний маданиятты жогорулатуу чөйрөсүндөгү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Байсалов Эдил Жолдубаевич
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Купешев Болотбек Душекович
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Исаева Гульназ Коңурбаевна
-
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Джусупбекова Надира Сынташевна
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Акаева Аида Шаршенбековна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Турсунбеков Замирбек Аманканович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
Капалбаев Октябрь Эркинович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
Сыдыкназарова Кылым Жалалбековна
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти;
Ниязова Айнагуль Маликовна
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун директору;
Иманкулов Муратбек Калматович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий адиси;
Джаанбаев Сейитбек Джаанбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын окуу-методикалык комплекстерди экспертизалоо жана апробациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Доталиев Асылбек Кобогонович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу;
Иминов Айбек Жокенович
-
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович
-
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Кадырбердиев Абибилла Набидинович
-
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Нарматов Абдишукур Исламович
-
Кыргызстан Ислам университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
Эратов Равшан Ташболотович
-
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Ормушев Асан Сулайманович
-
Кувейт эл аралык университетинин ректорунун жардамчысы (макулдашуу боюнча);
Эргешов Эрмамат Калмурзаевич
-
Кыргызстан Ислам университетинин гуманитардык билимдер факультетинин деканынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
Ибраев Марс Каипович
-
Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу (макулдашуу боюнча);
Исмаилов Шукур Арпидинович
-
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);
Базаркулов Сайфулла Онорбаевич
-
Ош мамлекеттик университетине караштуу Арашан гуманитардык институтунун окутуучусу (макулдашуу боюнча);
Сыромятников Алексей Геннадьевич
-
Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епархиалдык архиереясынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы ПЖ № 313 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыгыУказ · 24.07.2021 · № 313
- КР Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 412 "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 30.09.2021 · № 412
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 30.09.2021 · № 412