Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 349 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 24-августу ПЖ № 349 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишинин ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:
6-пунктунун 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «13) комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн балдардын укуктары боюнча жумушчу топторго жана консультациялык кеңештерге катышуу;»; 17-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «9) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерин даярдоону жана аларды андан ары коштоону жүзөгө ашыруу;».
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 267 "Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.06.2021 · № 267
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021