Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 267 «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 21-июну ПЖ № 267 Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоосунун, ишке ашыруусунун жана сактоосунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 267 Жарлыгына)Положение · 21.06.2021 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
- КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу…Указ · 24.08.2021 · № 349
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021