Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 15-июлу ПЖ № 302 Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 жарлыгынын редакциясына ылайык) Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;
- эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыктын жоболоруна ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Ушул Жарлыкты ишке ашыруу штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (14)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы N 154-т " Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппарат түзүмдөрүн жана штаттык…Распоряжение · 26.08.2021 · № 154-р
- КР Президентинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 523 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 17.11.2021 · № 523
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 Жарлыгына)Положение · 15.07.2021 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302…Типовое положение · 15.07.2021 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүдөрүнүн аппараттарынын штаттык…Постановление · 10.06.2026 · № 405
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 342 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын…Указ · 13.12.2023 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 23.05.2026 · № 182
- КР Президентинин 2021-жылдын 26-августундагы ПЖ № 358 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым…Указ · 26.08.2021 · № 358
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-ноябрындагы № 294-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине…Распоряжение · 25.11.2021 · № 294-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-апрели № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишинин маселелери боюнча Кыргыз…Указ · 21.04.2026 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 22.03.2022 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 387-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине…Распоряжение · 01.07.2024 · № 387-р
- «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилдиУказ · 25.05.2026
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө…Постановление · 19.07.2022 · № 391 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.