Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 342 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 „Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 13-декабры ПЖ № 342 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:
- 10-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен анын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын кызмат ордуна дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга сунушу боюнча консультация өткөрөт;";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө 5 жылдан кем эмес жетектөөчү иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.07.2021 · № 302
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021