Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 22-февралы ПЖ № 56
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен…Постановление · 23.04.2021 · № 169
- «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым…Заключение · 03.12.2021 · № 307-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон