Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 86 «Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ и.о Президента КР от 21 апреля 2005 года № 132 "О признании утратившим силу Указа Президента Кыргызской Республики "О полномочном представителе Президента Кыргызской Республики по южному региону (Ошской, Джалал-Абадской и Баткенской областям) Кыргызской Республики" от 24 марта 2005 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-04-21.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 21-апрелинин N 133 жарлыгына
ылайык күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 24-марты
ПЖ № 86
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен
областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын Президентинин ыйгарым
укуктуу өкүлү жөнүндө
Жарандардын коопсуздугуна келтирилген коркунучту жоюу, Кыргыз
Республикасынын Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында мыйзамдуулукту
жана уктк тартибин калыбына келтирүү максатында жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын, 46-статьясынын 1-
пунктунун 10-пунктчасын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен
областары) боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу
үкүлүнүн убактылуу кызмат орду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы Садиев
Калмурат Садиевич Кыргы Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат
жана Баткен областтары) боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - түштүк региону боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү) болуп
дайындалсын.
3. Түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
ыйгарым өкүлүнүн компетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар кире
тургандыгы белгиленсин:
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарынын кадимкидей
иштеши үчүн шартты калыбына келтирүү;
- түштүк региондун калкы үчүн ар кандай түрдөгү кызмат көрсөтүү
жагында иштеген юридикалык жана жеке жактардын кадимкидей иштеши үчун
шартты калыбына келтирүү;
- түштүк региондун аймактарында жайгашкан мамлекеттик башкаруунун
бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,
укук коргоо органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскердештирилген
тузүлуштөрдун кырдаалды турукташтыруу, мыйзамдуулукту жана укук
тартибин калыбына келтирүү боюнча ишин координациялоо;
- туштук ретиондун аймактарында жайгашкан мамлекеттик бийликтин
бардык органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, укук
коргоо. органдары, аскердик болүктөрдүн жана аскерлештирилген
түзүлүштөрдүн командирлери милдеттүү түрдо аткара турган чечимдерди
кабыл алуу жана көрсөтмолөрдү берүү;
-түштүк региондо кырдаалды турукташтыруу жана калктын жана
мамлекеттик башкаруу түзүмдорүнүн жашоо турмушун камсыз кылуу боюнча
чаралардын чегинде биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн борбордук
мамлекеттик башкаруу органдарына кайрылуу.
4. Түштук региону боюнча Кыргыз Республикасынын Презндентинин
ыйгарым укуктуу окулү өз функцияларын аткаруу учурундагы койгон
талаптары жана берген көрсөтмөлөру Ош, Жалалабат жана Баткен
областтарынын аймактарында жайгашкан мамлекеттик органдар жана
жергиликтүу өзалдынча башкаруу органдар, укук коргоо органдары,
аскердик бөлүктөрдүн жана аскерлештилген түзүлүштөрдүн командирлери
тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
5. Туштук региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
ыйгарым укуктуу өкүлу түштүк регионунда кырдаалды турукташтыруу,
мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү, Кыргыз
Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мамлекеттик таламдарды
коргоо боюнча бардык зарыл чараларды корсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштан кучүнө кирет.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 21-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону…Указ · 21.04.2005 · № 133 · Күчүн жоготкон