Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-10-10.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 446 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-апрели ПЖ № 133
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Баткен, Жалалабат, Ош областтарында жана Ош шаарында социал-
дык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу
жана чыњдоо боюнча чаралардын комплексин турмушка ашырууда көрсөтүлгөн
областтардын борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жер-
гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тыгыз өзара аракеттенүүсүн
камсыз кылуу жана күчаракеттерин координациялоо максатында, Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 42-статьясын, 46-статьясындагы 1-пункттун
10-пунктчасын жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын
түштүк региону (Баткен, Жалалабат, Ош областтары жана Ош шаары) боюнча
(мындан ары - түштүк регион боюнча) ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ор-
ду уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйга-
рым укуктуу өкүлү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйга-
рым укуктуу өкүлүнүн милдети түштүк региондо социалдык-экономикалык жа-
на коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, мамлекеттик башкаруу жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъект-
тердин үзүрлүү ишин камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик таламдарын коргоо боюнча бардык зарыл чара-
ларды борбордук башкаруу органдары жана Баткен, Жалалабат, Ош областта-
рынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен
тыгыз өзара аракеттенүү аркылуу кабыл алуу жана турмушка ашыруу болуп
санала тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-
чиси Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйгарым
укуктуу өкүлүнүн талапкерлигин үч күндүк мөөнөттө кароого койсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары
менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюн-
ча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишине ар кандай көмөк жана колдоо
көрсөтсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-
селелерди чечсин.
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-ноябрындагы №527 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 15.11.2005 · № 527
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-майынын № 195 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө"…Постановление · 31.05.2005 · № 195 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-октябрындагы № 446 " Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу…Указ · 10.10.2005 · № 446 · Күчүн жоготкон
- Положение о полномочном представителе Президента Кыргызской Республики по южному региону Кыргызской Республики ( Утверждено Указом исполняющего обязанности Президента Кыргызской…Положение · 21.04.2005 · № 133 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-марты ПЖ № 86 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын…Указ · 24.03.2005 · № 86 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-октябрындагы № 446 " Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу…Указ · 10.10.2005 · № 446 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ И.о Президента КР от 24 мая 2005 года № 189 "О внесении дополнений и изменений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"Указ · 24.05.2005 · № 189 · Күчүн жоготкон