Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2013-жылдын 2-апрели N14 Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектери тиркелген чиймеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналарынын чектери бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынганга чейин бул токтомдун ченемдеринин иштөөсү улантылат.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы N 318 "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш.Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы:
М.Аманкулов
Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 14 токтомуна 2-тиркеме
Кз зоналык коэффициенттин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналарынын чектери
Зоналар
Чектердин жана нарк зоналардын баяндалып жазылышы
1,2
I
Жибек-Жолу проспекти - "Аламүдүн" суусу - М.Горький көчөсү - Тынчтык проспекти - "Ала-Арча" суусу
1,2
II
М.Горький көчөсү - "Аламүдүн" суусу - Ахунбаев көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - Ш.Руставели көчөсү - Ала-Арча суусу - Тынчтык проспекти
1,2
III
Л.Толстой көчөсү - "Ала-Арча" суусу - Ш.Руставели көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Космическая көчөсү - Репин көчөсү
1,2
IV
Чоң Чүй каналы (ЧЧК) - "Ала-Арча" суусу - Л.Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Джамгирчинов көчөсү - Мессарош көчөсү
1,2
V
ЧЧК - "Аламүдүн" суусу - Жибек-Жолу проспектиси - Ала-Арча суусу
1,2
VI
ЧЧК - Веселая көчөсү - ЧЧКнын (ЧЧЧК) буу түтүгү трассасы боюнча Чыгыш айрылышы түштүк жакка Достоевский көчөсү - Аламүдүн суусу
1,2
VII
Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин - "Аламүдүн" суусу - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын түштүк тарабынан кирүүчү жол - Семетей көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү
1,125
VIII
Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космическая көчөсү - "Арча-Бешик", "Нижний Орок" конуштарынын түштүк-батыш көрүстөнүнүн аймагын кошо Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка Д.Садырбаев көчөсү - Муромская көчөсүнүн уландысы - Тимур Фрунзе көчөсү
0,8
IX
ЧЧК - Мессарош көчөсү - Джамгирчинов көчөсү - П.Лумумбы көчөсү
1
X
Түндүк айланма жолу - Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өтүү жол катары А.Елебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы - А.Елебесов көчөсү - ЧЧК - М.Ганди көчөсү
1,2
XI
ЧЧК - шар аккан суу - Ч.Валиханов көчөсү - ЧЧЧК- түштүк жакка Достоевский көчөсүнүн уландысы - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү
1,2
XII
ЧЧК - "Учкун" кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - Ч.Валиханов көчөсү боюнча шар аккан суу
1,2
XIII
ЧЧК - П.Лумумбы көчөсү - Джамгирчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - "Ала-Too" конушунун аймагынан батышка карай темир жол линиясы
1,2
XIV
Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү - ЧЧК - Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өтүү жолу катары А.Елебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы А.Елебесов көчөсү
0,8
XV
Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - ЧЧК - Курманжан Датка көчөсү
1
XVI
ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - Аламүдүн суусу боюнча зонанын батыш чектери
1,2
XVII
Семетей көчөсү - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын түштүк тарабынан өтүү жолу "Аламүдүн" суусу - Орто-Алыш суу тосмосунун аймагынан түштүккө карай - Кожобергенов көчөсү боюнча зонанын батыш чеги
1
XVIII
Садыгалиев көчөсү менен кесилишке чейинки темир жол линиясы - Л.Толстой көчөсү - Тимур Фрунзе көчөсү - ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы
0,8
XIX
Түндүк айланма жолу - М.Ганди көчөсү - "Бишкексууканал" ӨЭБнын тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай ЧЧК
0,6
XX
Түндүк айланма жолдон түндүккө карай
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси:
Э.Нурдавлетов.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы N318 "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2012 · № 318 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы N318 "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2012 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон