Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ат-Башы айылдык кеңешинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө « токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ III сессиясы 2019-жылдын 09-сентябры №3-2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө КРӨнүн 2019-жылдын 30-майындагы №235 «КРӨнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү» ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмегинин негизинде, Ат-Башы айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРӨнүн 2019-жылдын 30-майындагы №235 «КР+ нүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү» токтомдорунун негизинде Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Ат-Башы айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү жана салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимдери бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага
К.Асанбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн…Постановление · 30.05.2019 · № 235