Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын шаардык кеңешинин «Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредитти төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 21-майы № 13 Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредитти төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы №497-р буйругу менен «Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбооруна ылайык Нарын шаардык мэриясына 2 миллион евро кредит берилген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Нарын шаардык мэриясынын ортосунда Субкредиттик макулдашуу түзүлгөн. Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын кредити 2018-жылдын 28-февралында гана пайдаланыла баштаган. Бирок, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги 2019-жылдын 30-апрелине карата болгон комиссиялык карызды же 37,81 млн еврону ( 2942,8 миң сом) төлөп берүүнү талап кылууда. Бул маселе, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы 3 туруктуу комиссиясынын кошмо отурумунда 14-май 2019-жылы талкууланып, шаардык Кеңештин сессиясына, тактап айтканда жалпы депутаттардын талкуусуна сунушталган. «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын суу-канал ишканасынын жетекчиси Н.Максүталиевдин сессияга берген маалыматы эске алынсын.
2. Европалык жана реконструкциялоо банкынан алынган субкредиттик келишимдин негизинде эсептелинген 37,81 миң евро (2942,29 миң сом) өлчөмүндөгү комиссия жана туум Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте түзүлгөн графиктин негизинде б=лъп төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага
Ж. Ботоканов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.